COVID-19 инфекциясы 162 кишиден аныкталды — жалпы 83 430 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 20-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 162 учуру катталганын маалымдады — анын ичинде үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Чүй облусунда катталды — 72 (эки медкызматкер). Ошондой эле Бишкек шаарында — 46 (бир медкызматкер), Ысык-Көл облусунда — 24, Ош шаарында — 11, Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден, Талас облусунда бир кишиден COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 124 түздү — анын ичинде беш медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 62, Чүй облусунда — 28, Ысык-Көл облусунда — 13, Ош жана Нарын облустарында алтыдан, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында төрттөн, Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында эки бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 430га жетти. Анын ичинен 79 373 бейтап айыгып, 1 392 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 726 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 40 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 010 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.