БШК референдумду таанып, президенттик башкаруу формасы жеңгенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы башкаруу формасын тандоо боюнча өткөн референдумду тааныды. БШКнын жыйынтыктоочу маалыматына таянсак, участкага келген шайлоочулардын 81,49%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.

«БШК 2021-жылдын 10-январында өткөн референдум аркылуу [...] “президенттик республика” вариантын тааныды», – дешти Боршайкомдон.

Парламенттик башкаруу формасы үчүн шайлоого катышкандардын 10,9%ы добуш берген. БШКнын маалыматында, жалпы референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандардын 39,12%ы добуш берүүгө катышкан. «Баарына каршы» вариантын 4,47% добуш берүүчү колдогон.

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда – кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өттү. Бул шайлоолор, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам келип чыккан.

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун башкы демилгечилеринин бири Садыр Жапаров болгон. БШК Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары тааныды.

Октябрдагы башаламандыктардын шартында, Жапаровдун тарапташтары аны колониядан бошотуп чыгышкан. Андан соң бир нече аптанын аралыгында ал премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болууга жетишкен.

Бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырып, чечүүчү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн дайындаган соң, Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарымдарын өткөрүп берип, президенттикке талапкер катары катталган.

Бирок президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырар алдында, бир катар депутаттар менен биргеликте башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеген. Ошол эле учурда, Жапаров өзү президенттик республикага кайтып барууну самап жатканын бир нече жолу кайталаган.