Түркиянын «Маариф» фонду Бишкекте алгачкы мектебин ачат

Билим берүү министринин м.а. Алмазбек Бейшеналиев 29-январда Түркиянын Борбор Азиядагы «Маариф» мамлекеттик фондунун директору Хусну Биржан менен жолукту. Биржан жаңы окуу жылында Бишкек шаарында фонддун алгачкы мектебин ачуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу билим берүү министринин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун басма сөз кызматы жаңы мектепте окутуу Кыргызстандын мамлекеттитк стандарты менен кыргыз тилинде өткөрүлөрүн маалымдады.

«Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары болмокчу», — деп билдирет билим берүү министрлиги.

Ал эми министр өзү ведомство фонддун мектепти ачуудагы ишинде «ар тараптан» колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлют Чавушоглу мектептерди ачуу тууралуу 2020-жылдын ноябрь айында эле Анкарада сүйлөшүп, макулдашууга кол коюшкан.

Ал эми декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев бул макулдашууну ишке ашырууну «Маарифтин» башчысы Бирол Акгүн менен талкуулаган. Түркия тарап Бишкек шаарында «бардык деңгээлдеги» мектептерди ачууну пландаганын жана кеңсеси ачылганын кабарлаган.

«Маариф», «Себат» жана Гүлен

Түркиянын фонду Кыргызстанда иш алып бара турганы 2017-жылы айтыла баштаган. Анда түрк бийлиги «Себат» лицейлерин оппозициячыл диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери менен байланыштуу деп эсептегендиктен жабууну талап кылган.

Кыргызстан андан баш тартып, бирок мектептердин «Себат» деген түрк аталышы кыргызча «Сапат» деп өзгөрткөн. Ал эми «Сапаттын» түзүүчүлөр курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген.

Кийинчерек парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков Түркияга барып келгенден кийин «Сапатты» «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүп берүү идеясын айткан.

Андан соң түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапары менен келгенде экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө «Сапат» лицейлерине альтернатива болуп бере тургудай кылып Бишкекте Түркиянын «Маариф» фондусунун мектептерин ачууну макулдашкан.

«Маарифке» карата сын

2018-жылы Regnum маалымат агенттигинин журналисти Ариф Асылоглу өзүнүн колонкасында «Маариф» фондун сынга алган. Ал мамлекеттик фонд Сауд Арабиясы жана Катар тарабынан каржыланат, ошондой эле Кыргызстандын аймагында тыйуу салынган ИГИЛдин менталитетин жактаган «радикалдуу ислам идеологиясын» жайылтат деп жазган.

Бул макалага Түркиянын Москвадагы элчиси Хусейин Дириоз көңүл буруп, басылмага кат жазган. Катта макаладыгы айыптарды төгүндөп, ал эми тексттин авторлорун Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун (ФЕТО) мүчөлөрү деп атаган.

Элчи түрк фонду мамлекет тарабынан гана каржыларын, ал эми башка өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелери мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун алкагында жана өтүнүч боюнча гана ачыларын билдирген.

Анткен менен журналист Ариф Асылоглу элчиге жооп кайтарып, макаладагы маалыматтар дыкат текшерилгенин жана ФЕТО террордук уюмуна мүчө эместигин билдирген. Журналисттин пикиринде, бул аталышты Эрдогандын башкаруучу партиясы Гүлендин «Хизмет» кыймылын мокочо катары көрсөтүү үчүн «ойлоп тапкан».

Кененирээк: «Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды