Депутат Дастан Бекешев фейсбук барагы аркылуу 9-февралда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, документте бир топ дал келбеген учурлар бар. Мисалы, Башкы прокуратурага жаңы ыйгарымдар берилет, бирок алардын жарымы бүдөмүк.
«Башкы прокурор Конституциялык кеңешмеде жакшы иштеп, прокуратура үчүн мыйзам чыгарууну демилгелей алгыдай чоң жана бүдөмүк ыйгарымдарды жаздырып алган экен. Прокуратура УКМКдан да күчтүү желмогузга айланат», — деп белгилейт ал.
Бекешев Конституциянын жаңы долбоорунда президент ыйгарымдарга ээ болгону менен милдеттерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилик тартпасын белгилейт.
«Президент аткаруу бийлигин иштетет, жеке жоопкерчилик тартат, бирок эгер бюджетти аткаруу боюнча отчёт канааттандырылбаса, жоопкерчилик министрлер кабинетинин төрагасына жүктөлөт. Митаам президент, эч нерсеге жооп бербейт», — деп жазат Бекешев.
Тандалма отчёттуулук жана жоопкерчилик диний уюмдарга дагы тийиштүү болбой калган.
«Саясий партиялар, жамааттык кошуундар (профсоюздар) жана коомдук бирикмелер финансылык жана чарбачылык иштери тууралуу отчёт берип турушу керек болот. Бирок бул диний уюмдарга тиешелүү эмес», — деп белгилейт ал.
Бекешевдин айтымында, Конституцияны кабыл алгандан кийин президент кайра министрлер кабинетин курайт, бирок алар парламенттин жаңы чакырылышы шайланып келип, дагы бир өкмөттү түзгүчөктү милдетин аткаруучу деген макам менен иштейт. Демек «чалмакейди чалуу» дагы деле бүтө элек.
«Капа болуунун кажети жок деп эсептейм. Конституцияны парламенттин жетинчи чакырылышы дагы бир далай редакциялайт. Бардык өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган деп сунушталат. Америкада гана Конституция жүз жылдарга кабыл алынат, а биз эгер керек болсо, жыл сайын өзгөртөбүз. Баары бир деле аны окугандар аз», — деп жыйынтыктады эл өкүлү.
Кыргызстандагы конституциялык реформа
Бул Садыр Жапаров референдум өткөрүүнү демилгелеген Конституциянын экинчи долбоору. Буга чейинки версиясы дароо эле калк арасында «Ханституция» деген аталышка ээ болгон: документ жарыялангандан кийин президенттин бийлиги бир кыйла кеңейтилгени белгилүү болуп ал юристтер менен коомчулуктун кескин сынына кабылган.
Парламенттин басма сөз кызматы жарандар Конституциянын жаңы редакциясына байланышкан сунуш-пикирлерин 9-мартка чейин жөнөтсө болорун белгиледи.
Демилгечилер конституциялык реформанын зарылчылыгына учурдагы Конституциянын жоболорунда орун алган карама-каршылыктар жана боштуктар себеп дешүүдө. Андай көйгөй катары алар «башкаруу системасынын натыйжасыздыгын жана анын жоопкерчилик механиизмдеринин жоктугун» белгилешүүдө.
«Көрсөтүлгөн жагдайлар экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө реалдуу жылыштарды камсыз кыла алган жок, бул коом жана Кыргызстандын жарандары тарабынан негиздүү сын-пикирди жаратты», — деп жазылган негиздеме-маалымкатта.
Президенттин ролу кыйла кеңейип, ыйгарымдары күчөтүлгөн. Долбоордо президент өлкөнүн аткаруу бийлигин жетектеп, «элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин сактайт» деп жазылган. Мыйзам чыгаруу бийлигинин мүмкүнчүлүктөрү менен функцияларын дагы өзгөртүү сунушталууда — парламенттин ыйгарымдары кыскартылат.
Жарандардын укуктары, эркиндиги жана милдеттери жөнүндө көптөгөн ченемдерге биринчи караганда көзгө деле илинбеген өзгөртүүлөр же чечмелөөлөргө кыскартуулар киргизилген. Ошол эле учурда Башкы мыйзамдын жаңы долбоорунун тексти көп жерде «салт», «адеп-ахлак» жана «руханий байлык» деген түшүнүктөргө таянат.
Баш мыйзамдын жаңы версиясында жаңы орган киргизүү сунушталды — Элдик Курултай, ал коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуш берген жана жергиликтүү сотторду тандоого катышкан «кеңешүүчү, байкоочу жыйын» болуп эсептелинет.
Жаңы долбоор мыйзам долбоорлорун демилгелөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти. Эми мыйзам чыгаруу демилгесин сунуштоо укугу төмөнкүлөргө таандык:
- 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
- президентке;
- Жогорку Кеңештин депутаттарына;
- министрлер кабинетинин төрагасына;
- Жогорку сотко (профилдик маселелер боюнча);
- Элдик Курултайга;
- Башкы прокурорго (профилдик маселелер боюнча).
Конституциянын ЖМКларга тиешелүү беренесинде «адеп-ахлактык баалуулуктарга, аӊ-сезимге карама-каршы келген» иш-чараларды, маалыматты алууну жана жайылтууну чектөө сунушталууда. Бул «өсүп келе жаткан муунду коргоо» максаты менен түшүндүрүлөт.