«Кыргызалтындын» башчысы Элмырза Үкүбаев пара алып жатканда кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМКнын басма сөз кызматы «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элмырза Үкүбаев ведомствонун коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын кабарлады.

Ведомствонун версиясы боюнча, Үкүбаев өлкөнүн алтын казуучу ишканаларынын айрым жетекчилеринен системалуу түрдө акча опузалап келген.

Атап айтканда, ал «алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылып келген».

«2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, “У.Э.А.” 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтындын" жетекчиси тарабынан акча опузалап, пара алуу боюнча дагы башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы убакта Үкүбаев УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди, анын баш коргоо чарасы кийинчерээк аныкталат.

Элмырза Үкүбаев «Кыргызалтын» ишканасынын башкармалыгынын төрагалык кызматына 2020-жылдын ноябрь айында келген. Октябрь окуяларынан кийин «Кыргызалтынды» рейдерлик жол менен басып алууга аракети болгон, бирок ишкананын жамааты каршы туруп, сактап калышкан. Көп өтпөй Эмгекчил, Казарман, Кемин жана Чаткал айылдарынын тургундары Бишкекте нааразылык акциясына чыгып, компаниянын башчысы Алмаз Алимбековду кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Алар компания жетекчилиги мыйзам бузуп жатат деп белгилеп, президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаровду буга көңүл бурууга чакырышкан.

«Кыргызалтынды» беш жыл жетектеген Алимбеков митингден кийин кызматтан өз каалосу менен кетүүнү чечкен. Мындан улам директорлор кеңеши анын ордуна Үкүбаевди дайындаган.

Элмырза Үкүбаев деген ким?

Үкүбаев тууралуу ал Чүй облусунун Кемин районунда туулганы белгилүү. Ал И. Раззаков атындагы КМТУда «тоо инженери» адистиги боюнча окууну аяктаган. Анын эмгек жолу 24 жашында, 2011-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы «Кыргыз химия-металлургиялык заводу» долбоорун жетектөөдөн башталган. Андан соң 2012-жылы ал Мамлекеттик экотехинспекциянын тоо кен тармагын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси болгон.

2013-2015-жылдары Үкүбаев Экономика министрлигинин профилдик башкаруусундагы жер казынасын пайдалануу саясаты бөлүмүндө алгач адис, андан соң бөлүм башчы кызматтарын аркалаган. Андан кийин бир нече жыл Мамлекеттик геология агенттигинде ар кандай кызматтарда эмгектенген.

2017-жылдан тарта Үкүбаев Энергетика, өнөр-жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгында иштеген. Аны менен катар парламенттин депутаты Акылбек Жапаровдун коомдук жардамчысы болгон.

Ошол эле 2017-жылы Үкүбаев өкмөттүн аппаратына караштуу отун-энегетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүндө алгач эксперт, андан соң жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы болгон.

2019-жылы Үкүбаев президенттин аппаратына барган. Ал стратегиялык пландоо, экономика жана финансы бөлүмүнө экперт болуп дайындалган. Бирок көп өтпөй ал өкмөт аппаратындагы мурдагы кызмат ордуна кайтып келип, ал жакта «Кыргызалтындын» башчысы болгонго чейин иштеген.

Үкүбаев «Кумтөр» маселесине активдүү аралашкан чиновник катары дагы белгилүү. Ал 2012-2013-жылдары «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына кирген, ал эми 2014-2018-жылдары — республиканын пайдалуу кендеринин кору боюнча мамлекеттик комияссиясынын мүчөсү болгон.