Жумуртка жана уйдун боору — Статком кайсыл азыктар барынан тез кымбаттап жатканын айтты

Улуттук статистика комитети өлкөдө азык-түлүккө жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баалар кандайча өзгөргөнү тууралуу билдирди. Статисттердин маалыматында, 2021-жылдын январь айында 2020-жылдын январына салыштырмалуу тамак-ашка болгон баалар орточо 18,5 %га кымбаттаган.

Жыл ичинде кайсы азык барынан да көп кымбаттаган?

Азыктардын ичинен көбүнесе өсүмдүк майы (54,6%), картошка (46,3%), жумуртка (35,4%, кумшекер (33,1%) жана эттин (27,5%) баасы кымбаттаган.

Бир ай аралыгында көбүнесе кайсыл азыктар кымбаттаган?

Изилдөөчүлөр бир ай ичиндеги кымбаттоолорду дагы салыштырышкан — алар 2020-жылдын декабрь айындагы жана үстүбүздөгү жылдын январь айындагы бааларды салыштырып көргөн. Орто эсеп менен баалар 1,7%га өйдөлөгөн.

Эмне арзандаган?

Бирок статистика комитети 2021-жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу арзандаган азыктар бар экенин да белгилешкен.

«Таруу (5,4%), тооктун сан эти (1,9%), бисквиттүү тортторго (0,1%) болгон баалар ылдыйлаган», — деп айтылат билдирүүдө.

2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь айында азык-түлүк топтомдорунан бир нече тамак-аштын баасы төмөндөгөн.

«Андан тышкары накта балдын (1,8 %), вафли тортунун (0,5%), ышталган балыктын (0,2%), куюп сатылуучу сүттүн (0,2%), күрүчтүн (0,1%) жана гречиха акшагынын (0,1%) баалары төмөндөдү», — деген тыянак чыгарган Улуттук статистика комитети.

Кыргызстандагы тамак аштын баалары

Тамак-аш азыктарына болгон баалар кескин көтөрүлө баштаганын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айынынын этегинде эле айта баштаган. Анда комитет 2020-жылдын башынан тартып азыктардын ичинен кумшекер, суу майы жана жаңы бышкан жемиштер кымбаттады деп билдирген.

Андан тышкары, Улуттук статком кыргызстандыктардын 2020-жылдын сентябрь-январь айларына карата реалдуу кирешеси 5%га төмөндөгөнүн айткан. Реалдуу кирешенин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын кымбатташынын кесепети.

Тамак аштын бааларынын жогорулашы тууралуу маселе талкууланганына көп болду, бирок абалды жакшыртуу үчүн олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Акыркы жолу өкмөт башчысы Улукбек Марипов өкмөттүн басма сөз жыйынында бардык тийиштүү ведомстволордун милдети жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналарын айткан.

Марипов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги азык-түлүккө болгон бааларды жөнгө салбай жатканы үчүн ведомствону сынга алып, «актануудан ишке өтүү керек» деп билдирген.