Азык-түлүктүн баасы мурдагы жылга салыштырмалуу 9,6%га өстү — Улуттук статком

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2020-жылдын башынан бери азык-түлүктүн ичинен көбүнесе кумшекердин (27,4%га), суу майдын (25%га) жана мөмө-жемиштин (16,9%га) баасы кымбаттаган.

Тамак-аш азыктарынын баасы 2019-жылдын декабрь айына салыштырганда орто эсеп менен 9,6%га кымбаттаган. Башкы азыктардын да баасы кымбаттаган:

Гречка — 16%;

Чийки эт — 15,9%;

Картошка — 15,1%;

Суусундуктар — 5,3%;

Ун — 15,6%;

Быштак — 4,4%;

Жумуртка — 7,1%;

Бал — 5,8%;

Күрүч — 4%;

Ошол эле учурда, айрым азыктардын баасы төмөндөгөн — жашылча жемиш (21,8%), тааруу (7%), сүт (6,6%) жана тоңдурулган балык (1%).

Ошентсе да, жалпы республика боюнча сентябрга салыштырмалуу октябрь айында баалар 4%га жогорулаган.