Жогорку сот change.org сайтына коюлган чектөөнү алды

1-мартта Кыргызстандын Жогорку сотунда петициялар жарыялануучу change.org сайтынын кеңсесинин кассациялык доо арызына байланышкан сот отуруму өттү. Анын жыйынтыгында, Жогорку сот Октябрь райсотунун сайтты экстремисттик деп атап, аны бөгөттөгөн чечимин жокко чыгарды.

Юрист Нурбек Сыдыков иш кайрадан каралып чыгышы үчүн Жогорку сот тарабынан биринчи инстанцияга жиберилгенин билдирди. Эми, мыйзам боюнча жаңы токтом чыгарылганга чейин сайт бөгөттөн чыгарылышы керек.

2020-жылдын 2-декабрында Медиа Полиси Институтунун кызматкерлери change.org сайтынын кеңсесинин атынан Октябрь райсотунун чечимине кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышкан.

Ошондой эле, Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов 2021-жылдын 23-январында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып, аталган ишти биринчи инстанцияда кароодогу мыйзам бузууларга көңүл бурууну өтүнгөн.

change.org сайтынын бөгөттөлүшү

change.org — дүйнөдөгү онлайн-петициялар үчүн эң ири платформалардын бири — 2020-жылдын 15-июлунан бери Кыргызстанда ачылбай жаткан. Бийлик өкүлдөрү да, интернет-провайдерлер да бир топко чейин change.org сайты кайсы мыйзамдардын негизинде бөгөттөлгөнүн түшүндүрө алышкан эмес.

20-июлда Homeline провайдеринин колдонуучулары платформанын барагына киргенде «соттун чечими, УКМКнын буйругу жана МТжБМКнын тапшырмасы боюнча» бөгөттөлгөндүгү тууралуу жазуу пайда болгон. Бирок ошондо МТжБМКнын маалымат катчысы Тимур Алхожоев мекеме change.org сайтын бөгөттөө тууралуу расмий чечим албаганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алар жибериши мүмкүн делген чектөө коюу тууралуу буйругу боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

МТжБМКнын маалыматына караганда, 2020-жылдын 28-августунда Башкы прокуратура change.org сайтын экстремисттик деп табуу жана материалдарын таратууга тыюу салуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында чектөө коюу өтүнүчү менен Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.

2020-жылдын 3-сентябрында гана сот Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырып, change.org сайты расмий түрдө экстремисттик деп таанылган.

Кыргызстанда аталган сайт президент Сооронбай Жээнбековго карата импичмент процедурасын баштоо үчүн кол топтолуп баштагандан кийин ачылбай калган.

Эмне болгон петиция?

Журналист Раушан Айткулова 2020-жылы 14-июлда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, коронавирус пандемиясындагы аракетсиздиги үчүн президентти, өкмөттү жана экс-премьер-министрди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Муну менен катар, Айткулова жана башка активисттер change.org сайтында Сооронбай Жээнбеков өлкө башчысынын кызмат ордун бошотушу үчүн кол топтоп башташкан. Алар дал ушундай жол менен президентке импичмент жарыялоонун мыйзамдуу процессин баштагылары келген.

Кийинки күнү кечки маал бир нече провайдерлердин колдонуучулары петициялар камтылган барактарды ача албай жатканына даттанып башташкан. Ал убакта петицияларга жүздөгөн кыргызстандыктар кол коюуга жетишкен.

Бирок change.org сайтын азыр деле VPN же ТОР браузери аркылуу ачса болот. Болгону Жээнбековго байланышкан петицияга кол топтоо нөлгө түшүп калган.

20-июлда аталган сайт Кыргызстандын бардык провайдерлеринин колдонуучуларына жеткиликсиз болуп калган.