Сооронбай Жээнбековдун карындашы алдамчылыкка айыпталууда

Гүлзат Кантөрөева

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун маркум агасы Кантөрө Токтомаматовдун кызы Гүлзат Кантөрөева «алдамчылыкка» айыпталып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Бишкектин тургуну Ленин РИИБиге бейтааныш адамдарга 2019-жылдын август айында 20 миң долларын жана 450 миң сомун алдырып ийгендиги боюнча арыз жазган. Арыз ээси аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиционерлер шектүүлөрдүн бири катары Гүлзат Кантөрөеваны кармашкан. Ленин райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, шектүү бир айга үй камагына чыгарылган.

Ленин РИИБден билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кантөрөева арыз ээсине акчаларды толугу менен кайтарып берген.

Кантөрөева 51 жашта, ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетинин «Банк» кафедрасын жетектейт.

Токтомаматов — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Ал 2017-жылы 70 жаш курагында инсульттан улам дүйнөдөн кайткан. Анын ысмы Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетке берилген.