Парламентке жаңы эки депутат келди. Алар жөнүндө эмне белгилүү?

Жогорку Кеңешке жаңы дагы эки депутат келди.

Боршайком Мирлан Бакиров менен Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин Мейкинбек Абдалиев менен Равшанбек Рысбаевге мандат тапшырды. 

Мейкинбек Абдалиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Абдалиев 2016-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, тизмеде 38-орунда болгон. Азыркы учурда ал депутаттык мандатты алды, бирок Жогорку Кеңешке чейин эмне иш кылганы жөнүндө көп деле маалымат жок.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Абдалиев 2010-жылдан бери кайрымдуулук ишмердигин жүргүзгөн «Ноокен биримдиги» коомдук бирикмесин жетектеп келет.

Ошондой эле, ал төрт ЖЧКда түзүүчү болуп катталган. Алардын ичинен эң эскиси — «Гарант авто» ЖЧКсы, 2012-жылы Жалал-Абад облусунда ачылган. Бул ишкана «автоунааларды жана жеңил транспорт каражаттарын чекене соодасын» жүргүзөт

2019-жылы Абдалиев дагы эки «Все такси» жана «Он Груз» жоопкерчилиги чектелген коомдорун каттатып, аларга жетекчи болгон — бул ишканалардын ишмердиги катары «Программалык жабдууларды иштеп чыгуу» деп көрсөтүлгөн. Аталган ишканалардын тең түзүүчүсү болуп, Бишкекте бир эле дарек боюнча катталган Лайликан Жумашева да көрсөтүлгөн.

«Все грузы СНГ» ЖЧКсы эң акыркы болуп, Бишкекте 2020-жылдын февраль айында катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул ишкана «жүк ташуучу автотранспорт ишмердигин» жүргүзөт, Жумашева бул ишканада да анын тең түзүүчүсү болуп көрсөтүлгөн.

Равшанбек Рысбаев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Ал 2014-жылы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы Рысбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылыш үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышканына байланыштуу кызматын тапшырган — ал КСДП менен шайлоого катышкан.

Шайлоодон кийин, ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевдин чечими менен 2015-жылдын аягында мурдагы кызматына кайтып барган. ӨКМ жетекчилиги алмашкандан кийин жана 2019-жылы кайгуул кызматынын рейди учурунда Рысбаев терезелери караңгылатылган автоунаанын документтерин көрсөтпөй койгон окуяга катышканына карабастан, ал жумушунан кетирилген эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Равшанбек Рысбаев Ош шаарында жайгашкан кыргыз-кытай «Борбаш-Цзин» ЖЧКсынын тең түзүүчүсү жана жетекчиси. Бул ишкана «кеңири ассортименттеги товарларды сатуу боюнча агенттердин ишмердиги» боюнча иш жүргүзчү, учурда фирма ишмердигин токтоткону турат.

Кызыл-Кыяда жайгашкан «Береке-Баткен» ЖЧКсы да ишмердигин токтоткону турат. Рысбаев бул ишканага да түзүүчү болуп катталган. Ишкана «азык-түлүк, суусундук жана тамеки өнүмдөрүн дүң соода кылуу боюнча агенттердин ишмердиги» багытында иш жүргүзгөн.

Ошондой эле, Рысбаев дагы беш жоопкерчилиги чектелген коомдо түзүүчү болуп саналат. Бул ишканалар күзөт жүргүзүү, соода сыяктуу ар кандай багытта иш алып барат. Мисалы, Ош шаарында катталган жана көмүр казуу багытында иш жүргүзгөн Корпорация «Алтын-көмүр» ЖЧКсында да Рысбаев түзүүчүлөр тизмесинде көрсөтүлгөн.

Рысбаев дагы бир ишкананын түзүүчүлөр тизмесинде орун алган. Ал ишкана Ноокат районунда катталган, Корпорация «Алтын-Темир» ЖЧКсы деп аталат, ишмердигинин багыты «коммерциялык, ишкерлик, коомдук уюмдардын (ассоциациялардын) ишмердиги» деп көрсөтүлгөн. Азыр бул ЖЧК кайрадан каттоо процедурасынан өтүүдө.

* Мурда бул фирмага «Бир Бол» партиясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов да мүчө болгон — Жогорку Кеңештин IV, V, VI чакырылыштарынын депутаты, бирок учурда түзүүчүлөрдүн жана мүчөлөрдүн түзүмүнөн чыгып кеткен.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Алга айылында «Алга-МТЦ» ЖЧКсы да бар, ал «Адистештирилбеген дүң соода» багытында иштейт. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Рысбаев бул фирманын да түзүүчүлөр жана мүчөлөрүнүн тизмесине кирет.

Ошондой эле, Равшанбек Рысбаев Ош шаарындагы «Легион-ОДА» ЖЧКсынын да түзүүчүсү. Бул ишкана «жеке менчик күзөт ишканалары жана жеке күзөтчүлөр ишмердиги» багытында иш кылат. Ошол эле дарек боюнча, дагы бир «Береке-Базары» ЖЧК ишканасы катталган, Рысбаев анын да түзүүчүсү жана мүчөсү. Бул фирма «кеңири ассортименттеги товарларды сатуу боюнча агенттердин ишмердиги» багытында иш кылат.