Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүүлөрүнө карата реакция кылууга чакырды.
Бул тууралуу эл өкүлү 5-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Зарифи мурда тышкы иштер министринин кызматын ээлеп туруп, Кыргызстандын дарегине чагымчыл сөздөрдү айтууга барганы Кыдыралиевдин тынчын алып жатат. Анын айтымында, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри өзүнүн билдирүүлөрү менен эки тараптуу кыргыз-тажик алакаларын курчутуп жатат.
«Тажикстан республикасынын истеблишментинин өкүлү эл аралык тажрыйбада колдонулган, эл аралык укуктук ченемдердеги “анклав” түшүнүгүн кабыл алгысы келбей жатат. Биздин өлкөнүн аймагында Тажикстандын эң ири анклавы Ворух орун алган, туурабы? Ошол экс-министрдин сөздөрү тынчсыздантып жатат», — деп түшүндүрмө берди Үмбөталы Кыдыралиев.
Эл өкүлү анклавдын мааниси — «бул айланасы толугу менен башка өлкөнүн аймагы менен курчалган жер» деп кошумчалады.
«Ворух анклав болбогондо, эмне экен анда? Биз өзүбүздүн тышкы алакаларыбызда дайыма эл аралык принциптерди карманып келебиз. Тажикстан менен да мамилебиз ошондой. 90-жылдары аларда жарандык согуш болуп жатканда, биз аларды түшүнүп, бул маселени көтөргөн эмеспиз. Анклавдар Советтер Союзу тарагандан кийин калган. Анклавдар [маселеси] да бүтөт. Жер алмашуу аркылуу бүтөт» — деди ал.
Жыйынтыгында Кыдыралиев тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Хамрохон Зарифинин сөзүнө реакция кылууга чакырды.
Зарифинин Ташиев менен кайым айтышы
Тажикстандын экс-тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта билдирүү жасап, анда Ташиевдин Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгы тууралуу айткандарын окуп чыкканын билдирген.
Зарифи Ташиевдин билдирүүсүн «сандырак» деп сыпаттаган. Ал Тажикстан Ворухту эч качан анклав деп эсептебегенин, себеби ал «бардык тарыхый документ, саясий жана географиялык карталар боюнча» тажик мамлекетине таандык деп билдирген.
Анын айтымында, Тажикстанга кайсыл бир жерлерди кайтарып берүү деген суроо болбошу керек, анткени, чын-чынына келгенде, кыргыз тарап тажиктин жерлерин басып алган.
«Азыркы Баткен облусунун бир бөлүгү мыйзам боюнча Тажикстандын аймагына кирчү, ал жерлердеги жайыттар советтик доордо көчмөндөргө мал багуу үчүн (көңүл буруңуз - тажик жайыттарга!) кирүүгө уруксат берилген административдик түзүлүштөр катары кабыл алынган. Натыйжада ошол көчмөндөрдүн бир бөлүгү эзелтеден бери тажик элине таандык жерлерге отурукташып алып, үй-бүлө куруп, үй-жайын салып, тажик бир туугандары менен ынтымакта жашап келишкен» — деп жазган Зарифи.
Ал Тажикстанга «өз жерлерин эле Тажикстандын башка жактарындагы жерлерине алмаштырууну» сунуштап жатышканына кыжырданган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы 1-апрель күнү фейсбук барагы аркылуу Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп берген.
«Мен өкмөттүк делегациянын өкүлү катары “Ворух” анклавына байланышкан маселени чечүү сунушун эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн күбөлүгү астында кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичтин колуна тапшырдым, болду, бизге жакын, коңшу өлкөнүн дарегине башка бир сөз айтканым жок», — деп түшүндүргөн ал.
Анын ою боюнча, Хамрохон Зарифи болжолу менен Ташиев «өлкөнүн кызыкчылыктарына туура келбеген» шарттарга макул болбогону үчүн «маданияты төмөндүгүн жана кастык мамилесин» көрсөткөн.
УКМК төрагасы чагымга алдырбоого чакырып, Тажикстандын эли менен достук мамилени сактоого үндөдү.
Тажикстан менен жер алмашуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта өткөн басма сөз жыйынында кыргыз тарап Ворух анклавын Лейлек жана Баткен райондорунда жер тилкелерине алмашуу сунушу берилгенин билдирген.
Анын айтымында, Тажикстан менен чек араны делимитациялоо уланууда.
«Тажикстан багытында негизги маселелердин бири Ворух анклавы болуп жатат. Биз Ворух боюнча тажик тарапка өзүбүздүн эки сунушубузду бердик. Биринчи сунуш — анклавдын аймагын мыйзамдуу түрдө ченейбиз, анклав мындан ары өспөйт. Анклавга Аксайды айланып кирип-чыгуу үчүн өзүбүздүн аймактан жол беребиз. Экинчи сунушубуз — биз Ворух анклавын алмаштырганга даярбыз, Ворухту бизге таштаса Лейлек районунан же, Баткен районунан башка жерлеринен берүүгө даярбыз», — деди ал.
Аталган маалымат жыйынында Ташиев 16-17-мартта Гүлистондо өткөн Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы чек араны тактоо боюнча өлкөлөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берген.
Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчиси кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү-майлоочу каражаттардын аткезчилигине байланыштуу маселени да козгогон. Анын айтымында, мурунку бийликтер аткезчиликти көз жаздымда калтырып келишсе дагы, учурда чек ара чечилип бүткөнгө чейин аткезчилик эки тараптан тең токтотулат.
«Азыр Тажикстанга бир да литр күйүүчү май өткөн жок. Тажикстандан да продукция өткөн жок. Чек ара маселелери чечилгенден кийин жеңилдиктер болот, иштеп баштайбыз», — деген Ташиев.
Ташиевдин айтканы боюнча, кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дээрлик 8 миң гектар жерди алган.
Расмий Дүйшөмбү кыргыз тараптын сунушуна бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек.
Чек ара маселеси
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы талаш-тартыш көп жылдардан бери бүтпөй келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын чек арасында 12 жаңжал катталган. Анын ичинен 9 окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, анын ичинен 519 километри боюнча делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү такталбаган бойдон калууда. Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.
Ворух анклавы — Баткен облусундагы Тажикстандын аймагы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Анклавдын тургундары менен чектеш жерлерде жашаган кыргыз жарандар талаш жерлерге адамдар жайгашып алды деп бири-бирин айыптап келет. Мындай жерлерди колдонууга тыюу салынган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагы боюнча Ворухту Тажикстан менен байланыштырган жол өтөт. Бул жол транзиттик статуска ээ: ал жолдо көзөмөл өткөрүү жайлары жана чек ара көзөмөлү жок. Бирок, кыргыз айылдары аркылуу өткөн бул транзиттик жолдо чек арачылар көзөмөл жүргүзбөгөнүнө жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирип келишет.
Ушул жолдун айынан кыргыздар жашаган Ак-Сай айылынын тургундарынын өздөрү жашаган мамлекеттин калган аймактары менен байланышы үзүлүп калган. Анткени Лейлек районун калган Кыргызстан менен байланыштырган жалгыз жол Ворух аркылуу өтөт. Айланып өтүүчү жол курууга Тажикстан уруксат бербей келет: жол салынуучу аймактын дагы башы ачыла элек.
Ворухтагы чыр-чатактын дагы бир себеби — Төрткүл суу сактагычынын суу тосмолору. Анын жардамы менен эки өлкөнүн тең дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылуучу дарыяны көзөмөлдөсө болот. Эки өлкө тең өз кызыкчылыгына колдонуу үчүн суу тосмолоруна ээлик кылгысы келет.
2019-жылдын март айында анклавдагы Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушуна байланыштуу чыр чыгып, жыйынтыгында эки адам каза таап, 20 киши жаракат алган. 2019-жылдын июлунда Ворухта газ саткандар арасында жаңжал чыккан: мушташта бир адам жабыркаган.
Андан көп өтпөй, чек аранын такталбаган аймагында, «Ворух» деген жазуунун жанына байрак орнотулгандан кийин эки тарап ок атышкан: бир аскер кызматкерине ок тийген, милиционерлер жана катардагы жарандардын арасынан эки адам жабыркаган.