Молдокматов: Өзбекстан менен алмаша турган 20 гектар жер да стратегиялык мааниге ээ

Саясатчы жана «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 19-апрелде Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына барып жер алмашуу боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, Ташиев Өзбекстанга алмашуу үчүн сунуштай турган 20 гектарга чукул жер дагы стратегиялык мааниге ээ.

«Мен 50 гектардын ордуна 21ди беремин деди. Бул ушул суу плотинанын түбүнөн баштап тээтиги чек менен бүтөт. Бул толугу менен суу сактагычтын оозун, булактын башын бердик деген сөз. Буга мен жеке өзүм каршымын, буга жергиликтүү тургундар өзү каршы. Көбү сүйлөй алган жок, көбүн сүйлөткөн жок. Эми буга чейин жер тилкелерин берип-алмашуу боюнча тарыхта болуп келген маселелерди билебиз: “дежурларды” кол чаптырып, аларды сүйлөтүп жана алардын макулдугу менен жерлер чечилип келген. Бүгүн так ошондой көрүнүш болду», — деди Молдокматов.

«Элдик курултай өтөт»

«Турандын» лидери кен байлыктар жана суу түгөнгөндөн кийин жерди кайтарып алууга мүмкүн болбойт деп эсептейт. Ошндой эле Молдокматов жаңы Конституцияда Элдик курултай органы киргизилгенин белгилеп, жакын арада Кемпир-Абад маселеси боюнча курултай өткөрүлө турганын билдирди.

«Конституциянын 7-беренесинде “Курултай сунуш берүүчү орган” деп так жазылып турат. Курултайды угууга президент, Жогорку Кеңеш милдеттүү. Демек Кемпир-Абад маселеси боюнча жакынкы күндөрү курултай өтөт. Ал жерге бардык саясий коомдук күчтөр чакырылат, ушул жерде Кемпир-Абаддын алдында болот — ошол жерде ачык диалог болуп, ачык талкууланат деп мен ишенемин», — деп айтты саясатчы.

Молдокматов жер алмашууда аянттын теңдигине гана эмес, анын абалына жана «стратегиялык маанисине» да көңүл буруу керек экенин билдирди.

«20 гектар жер менен 5 метр жердин айырмасы болуп калышы мүмкүн, 5 метр жер мамлекеттин эгемендүүлүгүн, суверендүүлүгүн кармай турган жер болуп калышы мүмкүн. Ушул 21 гектар жерди ушундай [стратегиялык] маанидеги жер деп эсептеймин. Эгерде бул берилип кете турган болсо плотинанын оозу толугу менен кетет. Анда плотинага, сууга көзөмөл кыла тургандай биздин “рычаг” жок болуп калат. Мына ушул маанилүү», — деди Молдокматов.

«Жер жана суу маселесин көтөргөндөр эл душманы эмес»

Ошондой эле Молдокматов жер жана суу маселесин көтөргөндөр «эл душманы», «бузуку», же «провокатор» эмес деди — «Кыргызстандын жараны кайсы жерден болбосун жер маселесин көтөрүүгө укуктуу жана анын милдети деп эсептеймин».

Молдокматов өзбек тарап суу сактагычтын аймагын курчабайт деген сөзгө ишенбей турганын айтты. Буга чейин Ташиев Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычында тосмолорду орнотпой тургынын айтып, сууну эки тарап тең колдоноорун билдирген.

«Ал жөн эле протокол, ал сөз да. Форс-мажор менен деп курчап коюш бат эле да. Мына казак-кыргыз чек арасы эмне болду? “Чечилбейт, торолбойт” деген маселе бар эле го. 2010-жылы “форс-мажор болду” деп башынан аягына чейин тор тартып салды го. Эмне кыла алдык? Эч нерсе кыла албадык», — деди ал.

«“Дежурлар” менен чечилген маселе тарыхый чечим эмес»

Молдокматов 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев болгон учурда Кемпир-Абад жана Орто-Токой суу сактагычтары өкмөттүн балансына өткөнүн, ал эми Сооронбай Жээнбеков суу сактагычтын жээгиндеги өзбекстандык аскерлерди чыгарганын белгиледи. Саясатчы бир күндүк сүйлөшүүдөн кийин суу сактыгычтын плотинасын берип салууну «опурталуу» деп атады.

«Тарых баарын таразалайт, бүгүн мейли жер үчүн, эл үчүн сүйлөп жаткандар — биз эл душманы болобуз. Эртең мейли “провокатор” бололу алар айткандай. Бирок 5 жыл бат эле өтөт, бийлик түбөлүктүү эмес. Бийлик кетет, ал кеткенден кийин сууга, жерге ким ээлик кылат? Ушул жерде турган жергиликтүү тургундар. Алар үчүн кол көтөргөн “дежурлар” менен чечилген маселе тарыхый чечим эмес, бул өтө чоң ката. Биякта кала турган эле, жашай турган эл, ошолордун запкысын жей турган эл калат. Бийлик кетип калат, ким жооп берет? Буга чейин кеткен жерлер үчүн ким жооп берди? Эч ким жооп берген жок, кыйналган эл», — деп жыйынтыктады сөзүн Молдокматов.

Ташиев менен Ынтымак айылынын тургундарынын жолугушуусу

Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Ынтымак айылынын тургундар менен жолугушту. Ал жерде тургундар суу сактагычтын жээгиндеги 50 гектарды берүүгө каршы болгонун билдиришкен.

Ташиев менен тургундар бул маселени бир сааттай талкуулагандан кийин ал коңшу өлкөгө 50 гектар жерди эмес, 20 гектарды алмашууга сунуштай турганын айтты. Анын айтымында, Өзбекстан плотинанын Кыргызстанга караштуу аймагынан жер тосуп алып, кароол (вышка) орноткон. Ал аталган жерлер дагы такталат деп убада кылды.

«Мына бул вышка турган жерлер да биздики. Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтып көрөйүн. Буларга 20 гектар плотинанын коопсуздугу үчүн керек. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? “20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла” дейин. Бул үчүн тигил жакка барып, сүйлөшүп, жалпы протокол бузулуп кетпешин аракет кылайын. Бул 20 гектардын ордуна башка жерден алабыз. Тосулган жер алмашат. Мен ушуга аракет кылайын. Калганын анан Алла талаанын буйруганын көрөбүз», — деди УКМКнын башчысы.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?