Жапаров: Тарифти өзгөртпөсөк «тезек термей» деген жашоого түшүп калабыз

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде «Пирамида» телеканалына маек берип, электр энергиясы боюнча жаңы тариф тууралуу түшүндүрмө берди. Өлкө башчы эгерде тариф жогорулабаса Токтогул ГЭСинин иши токтоп каларын айтты.

Учурда кыргызстандыктар электр энергиянын 1 киловаттына 77 тыйындан төлөйт. Ошондой эле керектөөчүлөр үчүн 700 киловаттык чектөө коюлган. Бул деген эгерде бир үй-бүлө же ишкана коюлган чектен бир айдын ичинде ашып кетсе, анда алар 1 киловаттка 2 сом 16 тыйындан төлөп байштайт.

«Электр энергиясы боюнча көйгөй 30 жылдан бери жаралууда. Мен келип сууну агызып жиберип же жутуп алып анан кризиске учураган жок. Акыркы он жылда "электр энергиясына жумшайбыз" деп акчаны алып келе беришкен, бирок ага жумшалбастан зымдарыбыздын баарынын таш талканы чыгып, мындайча айтканда “итке минип” калган. Ал акчалар ал жакка сарпталбай уурдалып кеткен. Аны ким алган териштирип чыгуу керек. Аны аткаруу үчүн 2-3 жыл кетет. Аны күтүп тарифти өзгөртпөсөк эмдиги жылы Токтогул ГЭСинин иши токтойт. Эл электр энергиясы жок калат, анда “тезек термей, чырак жакмай” деген жашоого түшүп калабыз», — деди Жапаров.

*Бул жерде Жапаров бозгун президент Курманбек Бакиевдин 2008-жылы айткан сөздөрүнө шилтеме кылып жатат. Анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, бийлик үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга уруксат бербей койгон. Бакиев анын ордуна көмүр, газ жана тезек жагуу керектигин айткан.

Буга чейин Садыр Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электр энергиясына болгон бааны жогорулатып, 700 киловаттык чектөөнү алып салууну сунуштаган. Ага ылайык:

  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин баасын 74 тыйынга түшүрүп, чектөөнү алып салуу;
  • алыскы жана тоолуу, катаал шартта жашаган аймактар үчүн электрдин баасын 1,04 сомго жогорулатып, чектөөнү алып салуу;
  • жашоо-турмушу «Кудайга шүгүр» үй-бүлөлөр үчүн электрдин баасын 1,48 сомдон жогорулатып, 1000 киловаттык чектөө коюу. Эгерде керектөөчүлөр коюлган лимиттен ашып кетсе, 1 киловаттын баасы 2,29 сомго көтөрүлөт.

Жапаров өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 110 миңге — болжол менен 187 миң кишиге жетерин айтты, бирок тактоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин бул тизме кеңейиши мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ал эми Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясы боюнча сунушталып жаткан жаңы тариф август айына чейин коомдук талкууда боло турганын айткан. Анын айтымында, ар бир жаран сунуштарын бере алат.

Ошондой эле Турдубаев жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө коюлган чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берген. Министр бул «экинчи тепкич» кышында киргизиле турганын жана ал убактылуу гана механизм экенине токтолду.

«Экинчи тепкичтин киргизилиши убактылуу механизм, Токтогулдагы сууну тез арада толтурсак, экинчи тепкич алынат», — деди ал.

«2025-жылга барып кризистен чыгабыз»

Жапаров, эгерде келечекте дээрлик бүткүл республиканы электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суу кайра толо турган болсо чектөөлөр алынат деп билдирди. Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жеткен — 8,6 млрд кубометр.

«Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз. Эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен алыскы тоолуу райондордо жашаган, жашоо шарты оор бүлөлөргө арзан тариф сунушталып жатат. Мындан ары бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы биринчи кезекте эске алынып, көңүл буруларына ишендирем», — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

Анын айтымында, Кыргызстандын энергетика тармагы «айрым аткаминерлердин жеңил ойлуу саясый чайкоочулугунун айынан» 30 жылдан бери каатчылыктан чыкпай келет.

«Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз.

Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз», — деп эсептейт Жапаров.

Президент өлкөнүн бийлиги энергетикалык тармакта калкка зыян келтирбегидей кылып реформаларды жүргүзүүнү карап жатканын айтты. Ошондой эле, келерки 2022-жылды «Энергетика жылы» деп жарыяланарын кошумчалаган.