Электр энергиясы боюнча жаңы тариф августка чейин коомдук талкууда болот

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясы боюнча сунушталып жаткан жаңы тариф август айына чейин коомдук талкууда болорун маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ар бир жаран сунуштарын бере алат.

*21-апрелде президент Садыр Жапаров Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиздигинен улам Кыргызстанда түзүлгөн энергетикалык каатчылык боюнча билдирүү жарыялаган. Бул абалдан чыгуу максатында президент калк үчүн электр энергиясынын тарифин жогорулатууну сунуштаган болчу.

«Клооп» энергетика министринин маалымат жыйынынын урунттуу учурларын тизмектеди.

Турдубаев учурда иштеп жаткан тарифтин көптөгөн кемчиликтери бар экенин айтып, аларды адилеттүүлүк менен чечүү керектигине токтолду. Ал негизги кемчилик катары ар бир жаранга социалдык тарифтин колдонулушун белгиледи.

«Мисалы муктаж болгондорго дагы, болбогондорго дагы социалдык тариф колдонулат. Биздин оюбузча тарифтик саясат калыс, адилеттүү болуш керек. Албетте, муктаж болгондорго жардам керек, калгандары экономикалык баа менен төлөшү керек. Биз ушул калыстыкты жаңы тарифтик саясатка колдонолу деп сунуштадык», — деди ал.

Министр ошондой эле, калк үч категорияга бөлүнөрүнө токтолду. Биринчи категория — аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөр. Алар 74 тыйындан төлөйт, ошондой эле, бардык чектөөлөр алынып, бирдиктүү тариф болору сунушталууда.

Экинчи категория — алыскы, жашоо шарты оор, тоолуу аймактардын жашоочулары — аларга бир кВт саат электр энергиясы үчүн 1,04 сомдон төлөө сунушталат. Бул категориядагыларга да чектөөлөр алынып, бирдиктүү тариф болот.

Ал эми калган керектөөчүлөр 1,48 сомдон төлөйт. Ошондой эле, бул категориядагылар үчүн кышында «экинчи тепкич» киргизилет. Ага ылайык, 1000 кВт/сааттан көп электр энергиясын колдонгондор, ашыкча колдонгон ар бир кВт/саат үчүн 2,29 сомдон төлөйт. Министр андан сырткары «экинчи тепкич» убактылуу гана механизм экенине токтолду.

«Экинчи тепкичтин киргизилиши убактылуу механизм, Токтогулдагы [ГЭС] сууну тез арада толтурсак, экинчи тепкич алынат», — деди ал.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өлкө боюнча 1-категорияда 110 миңдей үй-бүлө болсо, экинчи категориядагылардын саны 187 миңге жетерин билдирди. Учурда дагы тактоо иштери жүрүп жаткандыктан булардын саны көбөйүшү ыктымалдыгын кошумчалады.

Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо

Турдубаев быйыл Кыргызстан Казакстандан 900 млн, Өзбекстандан 750 млн кВт электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүгө жетишкенин белгиледи.

Министр алгач электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү болгонун, бирок, казак тарап 1 кВт/саат электр энергиясынын баасын 2,9 цент деп белгилесе, өзбек тарап 3 цент деп белгилеген. Мындай баалар Кыргызстан үчүн кымбат болгондуктан тараптар башка вариантка токтолушкан.

«Башка варианттарды издедик. Анын жыйынтыгында биз товар алмашуу механизмине токтолдук. Казакстан быйыл 900 млн кВт саат электр энергиясын берет… Аны үч жылда кайра кайтарабыз деп сүйлөштүк. Биз муну нөл пайыздык ставка менен ишке ашырабыз. Ошол эле учурда Казакстандан электр энергиясын алып келүүгө кеткен транзиттик чыгымды казак тарап төлөмөй болду, ошондой эле, аны кайтарганда дагы транзиттин баасын алар төлөйт. Транзиттен биз акча үнөмдөп калабыз, болжол менен 1,5 млн доллардай пайда табабыз», — деди ал.

Министр ушундай эле принцип аркылуу Өзбекстан менен дагы сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Кыргызстан коңшу мамлекеттерден электр энергиясын 11-марттан тарта импорттой баштаган. Учурда алар белгиленген графикке ылайык келип жатат. Мисалы март айында 269 млн кВт/саат кирген, бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычындагы 327 млн кубометр сууну сактап калган. Ал эми апрелде болсо коңшу мамлекеттерден 305 млн кВт саат электр энергиясы келген.

Айрым ортомчу компанияларга артыкчылык берилбейт

Турдубаев учурда Кыргызстандын энергетика тармагында 29 ортомчу компания бар экенин айтты. Буга чейин алардын ар биринин чыгымдарын эске алуу менен тарифтер жеке түрдө белгиленип келген. Эми мындан ары андай болбойт.

«Бүгүн концепцияны өзгөртүп, алардын бардыгына бирдей тарифти белгилейбиз. Мамлекеттин электр тармагы өз пайдасын алыш керек. Эми энергетика тармагынын чыгымдарын эске алалы деп жатабыз… [...] Күчтүү компаниялар ишин улантып кетет, майда компаниялар өзүнөн өзү жок болот, ушундай принцип менен иштейбиз», — деди ал.

Башка мамлекеттерди үлгү кылган министр

Кубанычбек Турдубаев Кыргызстанда азыр иштеп жаткан тариф дүйнө жүзү боюнча эң арзан тариф экенин белгиледи. Анын айтымында, дүйнөнүн бир дагы бурчунда эч ким 77 тыйындан төлөбөйт.

«Мындай тариф эч бир жерде жок. Коңшуларды алалы — Өзбекстанда калк үчүн 2,39 сом, Казакстанда деле тарифтер ушундай. Тажикстанда электр менен жылытууга өтө чоң тариф белгиленген — айрым категориялар боюнча ал 10 сомго чейин жетет. Россияда элге тарифтер 3-4 сом болсо, Европада 10-20 сомго дейре жетет», — деди министр.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Кыргызстан буга чейин да Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиздигинен энергетикалык кризиске учураган. Мундан тышкары, өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып турган кезде суунун деңгээли төмөн болгондуктан, жарык берүү кезек-кезеги менен өчүрүлүп турган. Ал убакта да бийлик энергетикалык каатчылыктан чыгуу максатында электр энергиясына болгон тарифти жогорулаткан эле.

2010-жылдагы революциядан кийин бийлик алгач мурдагы тарифтерди кайтарып, андан соң аны бир аз жогорулаткан. Суу сактагычта суунун деңгээли түшүп кеткенде бийлик жарандарга маал-маалы менен өчүрүүлөргө жол бербөөнү убада кылып турган. Ошол эле учурда бийлик Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлин 10 млрд кубометрден жогору кармап тура алган.

ТЕМА БОЮНЧА

Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электрдин баасын көтөрүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары үчүн электр энергиясынын тарифтик чектөөлөрүн алууну убадалады