Премьер-министр Улукбек Марипов 2-майда Баткен аймактык ооруканасындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркагандардан кабар алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Марипов бийлик жаңжалда жабыр тарткандарга кенемте төлөп берет деп убада берди. Премьер-министрдин айтуусу боюнча, мекемелер келтирилген зыяндын эсебин чыгарууда.
«Эч ким кароосуз калбайт. Негизгиси – сабырдуулук, провокацияга алдырбашыбыз керек. Болгон окуялар дагы бир ирет чектерибизди чыңдоо зарылдыгын далилдеди. Учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү үчүн документ даярдалууда», — деди өкмөт башчысы.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянсак, 3-май, саат 11:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 183 адам жабыркаганы аныкталды.
Андан тышкары, чек ара жаңжалында 34 Кыргызстандык каза тапканы белгилүү. Алардын ичинде 2008-жылкы Лейлектик секелек кыз бар.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен шаарынын облустук бириккен ооруканасына 144 адам кайрылган. Алардын ичинде жергиликтүү жарандар жана аскер кызматкерлери дагы бар.
Өкмөт чек ара аймагынан 27 358 кыргызстандыкты эвакуациялаган — алардын 15 505и жаш балдар. Ошондой эле он чакты айыл жабыркаган, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.
УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей 3-майга карата кыргыз — тажик чек арасында абал туруктуу. Бирок ошол эле маалда чек арачылар өз кызматын күчөтүлгөн режимде аткарышууда.
«Тараптар кошумча күчтөр менен каражаттарын мамлекеттик чек ара линиясынан сырткары чыгарып кетүү иштерин аякташты», — деп билдиришти мекемеден.
Чек арадагы ок атуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. 29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Тараптар 29-апрель күнү кечке маал гана курал колдонууну токтотууну макулдашышкан.
Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согду облусунун губернатору чырдын чыгышына себеп болгон камераларды алууну убада кылганын, бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин буйругун аткарбай койгонун билдирген.
Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптаган. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактаган».
Ведомство гидрокурулма 1968-жылы эле курулуп, ал толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашканын билдиришкен.