Бишкекте 8-май күнү ИИМдин ардагери, милициянын полковниги Өмүрбек Жукешев каза болду. Ал 16-майда 67 жашка чыкмак.
Жукешевдин кызы Жанара Керимова «Клоопко» атасы ичтин аорта аневризмасынан капыстан каза болгонун билдирди.
«Анын ден соолугу чың болчу. Эрте менен эле катуу ооруп калып тез жардам чакырганбыз. Ооруканадан “ичтин аорта аневризмасы” деп операция жасашты. Атам операцияны көтөрө албай бир оокумда эле көз жумду», — деди ал.
Керимова атасын «жакшы инсан, жашоосундагы мыкты устаты» катары эскерди.
«Биздин жол баштоочубуз, таянаарыбыз эле. Атам бизди жумушка кеткендей эле тез таштап кетти. Эми анын “Балдарым, силерди жакшы көрөм. Аман болгула” деген сөздөрүн уга албашыбызды кабыл алуу өтө оор», — деди Керимова.
Мындан жети ай мурда Жукешевдин жубайы, ИИМдин поликлиникасынын пульмонологу Гүлнара Керимова 57 жашында каза болгон.
Ардагер, полковник жана милициянын отличниги
Өмүрбек Жукешев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда туулган. Ал 27 жашында Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктап, советтик армияда кызмат өтөгөн. Окууну сүйгөн Жукешев 32 жашында кайрадан улуттук университеттин юридика факультетине тапшырган.
Ошол эле учурда Ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды, анын ичинде жетекчилик кызматты аркалаган.
Ал эми 2001-жылы президентке караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөө институтуна директордун жардамчысы катары кабыл алынган. Ал эми бир жылдан соң Кыргыз темир жолунун аскердик жол башкармалыгында кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.
Мындан сырткары, Дүйнөлүк полиция ассоциациясынын кыргыз секциясынын мүчөсү болуп турган.
Жукешев «узак мөөнөттүү ак ниет эмгеги үчүн», «милициядагы мыкты кызматы үчүн», «күзөт кызматы менен укук коргоого кошкон зор салымы үчүн» жана «милицияда кынтыксыз кызмат кылганы үчүн 1, 2, 3-даражадагы» төш белгилер менен сыйланган. Ошондой эле кыргыз милициясынын мааракелеринде бир нече медалдарга ээ болгон. Ал «Үзүрлүү эмгеги үчүн» ИИМдин ардагери болуп, «милициянын отличниги» наамын алган.