ИИМдин поликлиникасынын пульмонологу оорудан каза болду

Ички иштер министрлигинин поликлиникасында пульмонолог жана кардиолог болуп эмгектенген Гүлнара Керимова 27-ноябрда узакка созулган оорудан улам каза болду. Ал 57 жашта эле.

Маалыматты «Клоопко» Керимованын бир туугандары тастыктап, аны өз кесибин «мыкты билген» дарыгер катары эскеришти. Дарыгердин кызы апасына арнап жазган ырды фейсбукта бөлүштү.

«Апам кетти, көпкө кыйналып,

Бул оорууга катуу чыдады.

Жоктугуна ишене албай,

Мен турамын аны сагынып.

Тынч жат апа, таттуу уйкуда,

Мындан ары оору, кыйноо жок», — деп жазды ал.

Үзүрлүү эмгеги үчүн дарыгерге «Саламаттык сактоонун отличниги» наамы ыйгарылган.

Анын артында жолдошу, уулу жана кызы калды. Жакындары билдиргендей, Керимова ичеги-карын ооруларынан жабыркап келген.

Үстүбүздөгү жылда өлкөдө көптөгөн медицина кызматкери коронавируска чалдыгып каза болду. Ошондой эле өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп турганда өз жанын кыйган Бишкектеги медиктин окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрга карата илдеттен расмий түрдө 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Бирок өкмөттүн бул статистикасына кирбей калган маркум медиктер да ондоп саналат.