Акыркы суткада коронавирустун жаңы 174 учуру катталды, 5 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

31-майда коронавирустун жаңы 174 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 156, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 18. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 95;

Чүй облусунда — 7;

Ысык-Көл облусунда — 15;

Ош шаарында — 26;

Жалал-Абад облусунда — 17;

Талас облусунда — 5;

Баткен облусунда — 5;

Нарын облусунда — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 104 729га жетти.

Ал эми акыркы суткада 244 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 159, Чүй облусунда — 25, Ош шаарында — 12, Ош жана Талас облустарында — алтыдан, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 17, Нарын облусунда — 7 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 98 544 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 696 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 446 киши оор, 94 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 653 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 549.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Ысык-Көл облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 808 киши көз жумду.

Ошондой эле, 11 медицина кызматкери коронавируска чалдыккандыгы маалымдалды. Бишкек жана Ош шаарларында — төрттөн, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында — бирден медиктен илдет аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 663кө жетти, анын ичинен 4 577 медкызматкер илдеттен айыкты.