Ош шаарында июнь коогалаңын эскерүү иш-чарасы. 10-июнь, 2021-жыл. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилди. «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде маркумдардын жакындарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берилип, андан кийин куран окулду.

«Дайынсыздар» коомдук бирикмесинин төрайымы Шани Топчубаева уулу 11 жылдан бери дайынсыз экенин айтып июнь окуясына күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу керек деп билдирди.

«10 жылдан бери боздоп-ыйласак да чыркыраган чындык чыккан жок. Июнь окуясын уюштуруп коюп эч нерсе болбогондой отурушат Жогорку Кеңештегилер. Эмнеге спикер келбейт? Ошто талкаланган үйлөрдү Отунбаева ак кирпичтен тургузуп берди, биздин балдарыбызды таап берген жок. Балдарыбыздын күлүн дагы таппай жүрөбүз. Качан чындык орнойт? Качан энелердин ыйы басылат? Июнь окуясынын аягына чыкпаса, биз ыраазы болбойбуз», — деп көзүнө жаш алды эне.

Ошондой эле Топчубаева июнь коогалаңынан кийин жабырлануучуларга берилген үйлөрдөн аткаминерлер бизнес кылды деген пикирде. Анын айтымында, окуяга тиешеси жокторго да турак жай берилип кеткен.

Уулунун сөөзү дээрлик төрт жылдан кийин табылган дагы бир эне алардын үнү эч кимге жетпей жатканын айтты. Ал уулунун артында калган баласын тарбиялап жатканын белгилеп, анын ал-акыбалын сураган киши жок деди.

«Эч ким укпайт биздин үнүбүздү. Себеби ошол уруштун баарын чоңдор, чиновниктер, депутаттар, президенттер, бардыгы кылган. Бирок ортодон ким боздоп, сыздап, жер сыйпалап калды? Ооба, 31 жаштагы балам 7 ай болду эле Ошко которулуп келгенине. 2009-жылы келиним өлдү, 2010-жылы уулум өлдү. Чалым 70ке чыкты, мен 65темин. Биз кимдин колун карайбыз. Качанга чейин өкмөттүн колуна карайбыз? Ортодо томолой жетимим бар менин. Кайсы депутат, кайсы президент келип “ушул томолой жетим чоңоюп жатабы, биздин оюнубуздан өлдү эле” деп ким акыбалын сурады. Чындык жок!» — деген пикирде ал.

Мындан сырткары эскерүү иш-чарасына экс-депутат Жылдызкан Жолдошева да катышты. Ал буга чейинки президенттер июнь коогалаңына тийиштүү көңүл бурбаганын айтып, жада калса шейиттердин урматына куран окутууга да келишкен эмес деп белгиледи. Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровдун ордуна спикер Талант Мамытов же Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келип койсо болмок деп айтты.

«Шейит кеткендердин арбагы ыраазы болмоюн өлкөбүздө өнүгүп-өсүү болобу деген суроо туюлат менде. Эгерде бийлик таазим эте албаса, бийлик акыйкаттуулукту тастыктап бере албаса, Ош окуясындагы күнөөлүүлөрдү жазалай албаса, шейит кеткендердин арбактары чекесинен жазалап келе жатат, жазалайт дагы», — деди ал.

Жолдошева июнь окуясынын келип чыгышына убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар экенин айтып, президент Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев күнөөлүүлөрдү жазалайт деп ишеним артып жатканын айтты.

«Мен бир нерсеге капамын. «Ата-Журт» партиясындагылар мына ушул жерде июнь окуясынын аягына чыгабыз деп айттык элек. Мына азыр «Ата-Журттун» лидерлери Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов бийликке келди. Мен, сиздер мына ушул мырза жигиттер Ош окуясынын күнөөлүлөрүн табат, жазалайт деп ишенип туралы. Кайталанбашы үчүн саясатчылар өзүнүн кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюушу керек», — деди экс-депутат.

Президент Садыр Жапаров эскерүү иш-чарасына барган жок — ал Түркияга иш-сапары менен кеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген.

Этникалык кагылышуу

10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчетунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.