Дельта варианты. COVID-19дун жаңы түрү тез тараганы менен айырмаланат

Жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, жыт жана даам сезүүнүн жоголушу сыяктуу коронавирустун белгилерине жаңы симптомдор кошулду. Бул тууралуу Zoe Covid Symptom study изилдөөсүнө таянып ВВС басылмасы жазды.

Алардын маалыматына караганда, Улуу Британияда тарап жаткан COVID-19дун жаңы түрү баш оору, тамак ачышуу жана мурундун бүтүүсү сыяктуу симптомдор менен айырмаланат.

Изилдөөдө айтылгандай, бул белгилерди коронавируска мүнөздүү башка симптомдор менен биргеликте кароо керек. Анткени алардын ар биринин өз-өзүнчө түрдүү себептери болушу мүмкүн.

Изилдөөнүн автору профессор Тим Спектор белгилегендей, Дельта вариантына кабылган жаштарда сасык тумоонун оор түрүнө кабылгандай сезим болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, алар ооруну таратуучу болушу мүмкүн.

«Биз май айынын башынан бери мобилдик колдонмолор аркылуу эл арасына кеңири тараган симптомдорго байкоо салып жатабыз, алар мурдагылардан айырмаланып турат», — деп белгилеген профессор.

Анын айтымында, мындай өзгөрүүлөр Улуу Британиядагы вирус жуктуруунун 90%ын Дельта варианты түзгөнүнө байланыштуу. Оорунун бул вариантында мурдагыдай эле дене табы жогорулайт, бирок жыт сезүүнүн жоголуп кетиши — салыштырмалуу сейрек учурайт.

«Байкашымча, жаңы штамм бир аз башкача иштейт көрүнөт. Адамдарда мезгилдүү сасык тумоонун дагы бир түрүнө кабылгандай сезим болот экен, бирок алар башка адамдар менен мурдагыдай эле аралашып жүрүп ооруну таратышат. [...] Эгер сиз жаштардын өкүлү болсоңуз, анда кадимки эле сасык тумоо же абал начарлагандай оорунун жеңил түрү байкалышы мүмкүн. Андай учурда үйдөн чыкпоону жана коронавируска анализ буйрутма берүүнү суранабыз», — дейт профессор.

15-июнга карата алынган маалыматка таянсак, Дельта варианты дүйнөнүн 74 өлкөсүндө байкалган, анын тароо ылдамдыгы өтө тез. Эң алгач Индияда байкалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, ал мындан дагы олуттуу белгилерди бериши мүмкүн. Мисалы, ич оорусу, кусуу, окшуу, тамакка болгон табиттин жоголушу, угуунун начарлашы, муундардын оорусу.

Дельта Альфа вариантына (британиялык штамм) салыштырмалуу жугуштуу жана вакциналарга туруштук берүүсү алда канча жогору деп эсептелет.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги 15-июнда өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, аныкталган учурлардын 44%ы — бул британ штаммы, андан кийин 39%ы — орусиялык штамм. Андан тышкары, бирден учур боюнча түштүк-африка жана индиялык штаммдар (Дельта) аныкталган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев коронавирустун биринчи толкуну өлкөдө 2020-жылы мартта илдет жуктуруунун биринчи учурлары аныктала баштаганда байкалганын айтып берди. Ал эми экинчиси өткөн жылдын сентябрь-ноябрь айларында байкалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 15-июнга карата маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 111 143 учуру аныкталды. Ошондой эле пандемия башталгандан бери бейтаптардын арасында 1 905 өлүм учуру катталган.