Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды — ССМ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну байкалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал 15-июндагы брифинг учурунда билдирди.

Рахматуллаев коронавирустун биринчи толкуну өлкөдө 2020-жылы мартта илдет жуктуруунун биринчи учурлары аныктала баштаганда байкалганын айтып берди. Ал эми экинчиси өткөн жылдын сентябрь-ноябрь айларында байкалган.

«Биз үчүнчү толкунга даярдык көрүп жатабыз, бүгүнкү күндө бизде 35 стационарда 3 миңден ашык койка орун ачылды, резервде 1,5 миң койка бар. Ошондой эле экинчи даярдыкка 6 миңге чейин койка беленделип жатат. Кызыл зонада иштөө үчүн кадрлардын резерви даярдалды», — деди Рахматуллаев.

Министрдин орун басары 2021-жылдын март-апрель айларына карата соңку изилдөөлөр өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экенин аныктаганын кошумчалады.

«Кыргызстандан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Новосибирсктеги лабораториясына жөнөтүлгөн анализдерден британдык штамм (44%), дагы бир учур боюнча түштүк-африкалык жана индиялык штаммадар, андан тышкары, орусиялык штамм (39%) аныкталган», — деп түшүндүрдү Рахматуллаев.

Ошондой эле ал соңку аптада Бишкек жана Ош шаарларында оору жуктуруу көп болуп жатканын кошумчалап, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Буга чейин, апрель айында саламаттык сактоо министрлиги эки шаар тең «кызыл зонага» киргенин билдирген. Мындай бөлүштүрүү эки көрсөткүч боюнча жүрөт. Биринчиси — бул R-репродукциянын ылдамдыгы, тактап айтканда бейтап менен контакт болгон адамдардын канчасына оору жукканы. Экинчиси — коронавирустун акыркы аптада 100 миң адамдын ичинен канчасына тараганы.

Саламаттык сактоо министрлигинин 15-июнга карата маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 111 143 учуру аныкталды. Ошондой эле пандемия башталгандан бери бейтаптардын арасында 1 905 өлүм учуру катталган.