Пара алууга шектелген Бишкектин вице-мэри УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-июлдагы чечими менен борбор калаанын вице-мэри Азамат Сагындык уулун УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Бишкектин вице-мэри 25-сентябрга чейин камакта болот.

УКМК кызматкерлери Азамат Сагындык уулун 25-июлда кармаган. Ал жолдун боюнда жайгашкан соода жайын сактап калуу үчүн кафенин ээсинен тогуз миң доллар пара алган деп шектелүүдө.

УКМКдан билдиришкендей, ушул ишке байланыштуу мурдараак кармалган муниципалитеттин кызматкери Сагындык уулуна каршы көрсөтмө берген.

Азамат Сагындык уулу борбор калаанын вице-мэри кызматына 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Азамат Сагындык уулу шаардын вице-мэри катары шаар куруу, архитектура жана жер маселелерине жооптуу болчу.