Олимпиада: Айаал Лазарев алгачкы беттеште атаандашынан 10:0 эсебинде утулду

Токио Олимпиадасында эркин күрөш боюнча күч сынашып жаткан кыргызстандык балбан Айаал Лазарев беттештин баштапкы этабында атаандашынан 10:0 эсебинде утулду. Ал чейрек финалга чыга алган жок.

Лазарев алгачкы атаандашы америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп, андан 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилди. Ал 125 килограмм салмакта күч сынашып жаткан.

Мындан кийинки беттеште эгер америкалык балбан финалга чыкса, анда Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Лазарев Болгариянын София шаарында өткөн мелдештин биринчи турунда индиялык балбан Сумит Маликке жеңилип, 3-орунду алган. Бирок Сумит Малик допингге каршы эрежени бузганына байланыштуу Токиодо өтө турчу Олимпиадага алган жолдомосу Лазаревге өткөрүлгөн.

Ал буга чейин 2016-жылы Рио Олимдиадасына катышкан. Анда ал биринчи турда утулуп, 15-орунду ээлеген.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргыз спортчуларынан 17 спортчу жолдомо алган. Алардын арасынан грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медалды багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду