Балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Олимпиялык оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы 4-июлда билдирди.

Федерациянын маалыматына ылайык, Лазарев Болгариянын София шаарында өткөн мелдештин биринчи турунда индиялык балбан Сумит Маликке жеңилип, 3-орунду алган. Бирок Сумит Малик допингге каршы эрежени бузганына байланыштуу Олимпиадага алган жолдомосу Лазаревге өткөрүлгөн.

Лазарев 125 килограмм салмактагы катигорияда күрөшөт. Ал буга чейин 2016-жылы Рио олимдиадасына катышкан. Анда ал биринчи турда утулуп, 15-орунду ээлеген.

Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын 17 спортчусу жолдомо алды. Буга чейин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова, дзюдочу Владимир Золоев, балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Атабек Азизбеков, Жоломан Шаршенбеков, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоломан Кубанычбеков, эркин күрөшчүлөр Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбан жеңил атлеттер Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицская алган.

2020-жылы Жапониянын Токио шаарында өтө турчу 32-жайкы Олимпиада оюндары COVID-19 пандемиясынан улам Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 2021-жылга жылдырылган. Ал эми Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөөрү айтылууда.