Видео: ИИМ айдоочуга кол салган Ош ШИИБдин бөлүм башчысынын аракетин иликтейт

ИИМ Ош шаарында каршы тилкеге чыгып, айдоочуга кол салган Ош ШИИБдин №1 бөлүмүнүн башчысына карата ички иликтөөнү баштады. Ал эми социалдык тармактарда анын аракети сынга алынып, иштен алуу талабы коюлуп жатат.

15-августта социалдык тармактарга Оштогу Тешик-Таш базарында каршы тилкеде Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан милиционердин видеосу тараган. Окуя автордун унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган.

Милиционерге айдоочу эскертүү бергенде, ал автордон телефонду тартып алууга аракет кылып, кол салганы көрүнөт. Окуя эмне менен бүткөнү белгисиз, анткени видео ушул жерден үзүлүп калган.

Видео соцтармактарга тарагандан кийин окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар милиционер «иштен алынсын», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат», «милицияны уят кылды» деген билдирүүлөрдү жазышкан.

Ал эми тасманын автору ага кол салган милиционер «шаардык милициянын №1 бөлүмүнүн жакында эле дайындалган начальниги» экенин белгилеген. Ош ШИИБден «Клоопко» бул маалыматты тастыкташты.

Ош шаардык милициясынан жол эрежесин бузган милиционерге айып пул салынып, протокол түзүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле, териштирүүдө топтолгон материалдар шаардык прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөрүн билдиришти.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери катталып, "ички иштер органынын кызматкери" деген наамга шек келтире турган жорук-жосундарды жасай турган болсо, мындан ары да алар мыйзам чегиндеги тиешелүү жазаларын алышат», — деп билдирди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.