Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев 29-сентябрдагы брифингде компаниянын турмуш-тиричилик эмес абоненттерге көчөнү жана көрнөктөрдү жарыктандырууга тыюу салуу тууралуу чечимине комментарий берди.
Мындай чара кафе, ресторан, монча, сауна, дүкөн, парктар жана башка турмуш-тиричилик эмес колдонуучуларга тиешелүү.
Анын айтымында, мындай чектөөлөр жылытуу мезгили аяктаганча уланат, ал эми «биздин эл акыл-эстүү жана тез эле көнүп кетет».
Мамлекеттик компания өлкөдө электр энергиясы жетишсиз болуп турган чакта, мындай чектөөчү чара зарыл деп эсептейт.
Кечкисин укташ керек
Байгазиевдин айтымында, кафе, ресторан жана башка мекемелерден тышкары парктарда дагы жарык өчүрүлөт.
«Ар бир үйдүн короосунда бирден лампочка күйүп турат, өзгөчө кечкисин дароо байкалат. Бир эле кафеде 100дөн ашык лампочка күйөт. Көп түкүрсө көл болот дейт. Аймактарда көчөдөгү жарыктандыруу эле 100 млн киловатт сатты түзөт, бул айыл өкмөтүндө эле. Керек болсо-болбосо да таң атканча күйүп турат. Парктарда таң аткыча жарыкты күйгүзүп койгон болобу? Акыл-эстүү киши саат 10го чейин эле сейилдейт, андан кийин эс алышы керек да», — деп билдирди ал.
Бирок чиновник көчөдөгү, жарнактардагы жана парктагы жарыкты чектөө менен канча каражат үнөмдөлөт деген суроого жооп бере алган жок.
«Чектөө чарасына моюн сунбагандарды жазалоо каралган эмес. Бул тек гана алдын-алуу иштери. Кафе-ресторандарда кондиционерлер иштеп жатат, аларды өчүрүүгө деле убакыт келди. Унаа жуучу жайлар менен гипермаркеттердин алдындагы жарнамалар көп күйүп турат. Мунун баары албетте кооз, бирок чыгымы да көп. Жалпыга маалымдоо каражаттарына же радиого жарнама берсе деле болот да», — дейт ал.
Улуттук энергохолдингдин башчысы Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жана магистралдарда жарык өчүрүлбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, чектөөлөр экинчи маанидеги, салыштырмалуу коопсуз көчөлөргө тиешелүү. Ал көчөлөрдө саат түнкү 12ден кийин жарык өчүрүлөт.
«Бул аргасыз чара»
Байгазиевдин айтымында электр энергиясын рационалдуу пайдалануу жана чектөөлөрду киргизүү — «аргасыз чара». Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө суткасына 30 млн киловатт саат энергия колдонулат, анын ичинен 10 млн киловатт саат кошуна өлкөлөрдөн электркубатын алмаштыруунун эсебинен жабылат.
«Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырганда 2,9 млрд кубка аз, бүгүнкү күндө 12,2 млрд кубометрге* жакындап калды. Кыштан чыкканда, 1-апрелге карата Токтогулдагы суунун көлөмү 6 млрд кубка түшүп калат [...]Бул ГЭС иштебей токтоп калат дегенди түшүндүрөт», — деп билдирди ал.
*Токтогул суу сактагычына максималдуу 19,5 млрд кубометр, эң аз дегенде 5 млрд суу батат.
Байгазиев «[быйылкы жылы] туруктуу өчүрүүлөр болбойт» деп убада берди, бирок «үнөмдөө» керек экенин баса белгиледи.