Коммерциялык компанияларга көрнөктөрдү жана көчөнү жарыктандырууга тыюу салынды

Кыргызстандын Улуттукэнергохолдинги турмуш-тиричилик эмес колдонуучуларга көчөлөрдү жана көрнөк-жарнактарды жарыктандырууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул кафе, ресторан, мончо, сауна, дүкөн жана башка турмуш-тиричилик эмес абоненттерге тиешелүү.

Улуттукэнергохолдинг буйрукту жарыялаган жок, бирок компаниянын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Басма соз кызматтын билдирүүсүнө караганда, мындай чаралар өлкөдө тартыш болуп жаткан электр энергиясын үнөмдөө үчүн зарыл болууда.

«Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес», — деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы «Азаттыкка».

Улуттукэнергохолдинг буйрукту «Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро», «Ошэлектро» жана «Жалалабатэлектро» ишканаларына да жиберди.

Документке ылайык, компаниялар рейд өткөрүп, турмуш-тиричилик эмес колдонуучулардын көчөлөрдөгү жана көрнөк-жарнактагы жарыкты өчүрүүсүнө көз салышы керек.

Кафе. Сүрөт: Kaktus.Media

Тема боюнча: Энергетика министрлиги: Электр үчүн жаңы тарифтер октябрдан баштап иштеп баштай