Москва: Шереметьево аэропортунда кыргыз жарандары тыкыр текшерилүүдө

Материал 18:00дө жаңыртылды

Социалдык тармактарда Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда 300гө чукул кыргызстандык кармалып жатканы тууралуу кабар тарап жатат. Тасманын автору кыргыз жарандары 7-октябрда учуп келгенин, орусиялык чек арачылар ар бирин тыкыр текшергенден соң гана өткөрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, ал аэропорттун кызматкерлери кыргызстандыктардын «документтерин алып коюп, атайын бөлмөгө 1-2ден чакырып, эмне максатта Москвага келгенин сурап коё берип жатканын» маалымдады.

«Бала-чакалары менен келгендер бар, өтө албай жатышат [...] 300дөн ашуун адам бар болчу, азыр азайып, ушуларыбыз калдык. Булардын баары [көзөмөл пункттар] жабык турат. Адамдар отурат, чакырган эч ким жок», — деди ал.

Видеодогу кыргызстандыктардын айрымдары түнкү саат 12де учуп келишкенин айтышкан. Ал эми тасманын автору Москвага келе турган кыргызстандыктарга кайрылып, тамак-аш, суусундуктарды алып алууга кеңеш берген.

«Бул жерде эч нерсе сатпайт экен, “суу алып чыгалы” десе ылдыйга дагы түшүрбөй жатат», — деди ал.

Шереметьево аэропортуна Кыргызстандын элчилигинин үч кызматкери жөнөтүлгөн. Юристтер чек арачылар «Орусияга кирүүгө тыюу салынган, бирок аты-жөнүн өзгөрткөн кыргызстандыктарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлгөнүн» билдиришти. Ошондой эле, күч органдары Орусиянын аймагында тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүн аныктоону көздөшкөн. Учурда аэропортто эртең мененки рейс менен келген кыргызстандыктар чыгарылды.

Орус бийлиги 7-июлдан тарта Кыргызстан жана ЕАЭБге мүчө болгон башка өлкөлөрдүн жарандарын киргизүү боюнча жаңы эрежелерди кабыл алган. Ага ылайык, Орусиянын аймагына кирген чет өлкөлүктөр «COVID-19суз саякатта» тиркемеси аркылуу 72 саат мурда алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү керек.

Ал эми эмдөөдөн өтүп, колунда сертификаты бар жарандар ПЧР-тесттин тапшыруусунун кажети жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Саматтын айтымында, 2020-жылы 720 миң кыргызстандык Орусияда каттоодо турат. Анткен менен бейрасмий маалыматтарга ылайык, кыргыз мигранттардын жалпы саны миллиондон ашат.