Орусия кыргызстандыктар үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизди

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелери кабыл алынганын билдирди.

Өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелери Орусиянын Башкы санитардык врачынын токтомуна ылайык киргизилүүдө.

Документке ылайык, 10-июлдан тартып Кыргызстандын жана башка ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө кирип жатканда «COVID-19суз саякатта» колдонмосу аркылуу Орусияга киргенге чейин 72 саат мурда алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүлөрү керек.

«Чет өлкөдөн келип жаткан Орусиянын жарандары келген күндөн тартып үч күн аралыгында бир жолку ПЧР-тест тапшырып, жыйынтыгын алганга чейин жашаган жери боюнча обочодо болушу керек», — деп кошумчалашты элчиликтен.

Ошондой эле орусиялыктар колунда эмделгени тууралуу (бир жылга жарактуу) сертифкаты же жарым жылга жарактуу COVID-19 менен ооруп айыккандыгы тууралуу аныктамасы болсо ПЧР-тест тапшырбай эле койсо болот.

Ошол эле кезде, 2021-жылдын апрелинде Орусиянын элчилиги кыргызстандыктар өлкө аймагына киргенде «COVID-19суз саякатта» мобилдик колдонмосу аркылуу ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керектигин кабарлаган болчу.

Кыргызстан «COVID-19суз саякатта» санарип платформасына 2021-жылдын март айында кошулган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова платформа эл аралык деңгээлдеги ишенимдүү көзөмөл менен камсыздайт деп билдирген.

Мындан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин 1-июлда эмгек мигранттарын коронавирусту аныктоо үчүн 72 саат сайын ПЧР-тест, андан тышкары, үч ай сайын башка жугуштуу илдеттерди аныктоого тест тапшырып турууга милдеттендирген федералдык мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын өзү 2021-жылдын декабрында күчүнө кирет.