Бишкек мэриясы жол кире акысын көтөрүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрдү

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 15-октябрда шаарда коомдук транспортто жүрүү акысын эмне себептен көтөрүшкөнү тууралуу түшүндүрмө берди. Мэриянын түшүндүрмөсүнө алайык, акыркы жылдары калаада шаардык транспоттун кыймылдуу курамы азайган.

Андан тышкары, жүргүнчү ташуучу ишканалардын финансылык абалынан улам болгону 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус линияга чыгып жатат.

«Жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85%ы жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат», — деп белгилешти мэриядан.

Мэриядан мындан башка дагы терс факторлор бар экенин кошумчалашты:

  • 3,5 миң автоунаанын ордуна шаардыктарды 1,0 миңден ашык эмес унаа тейлеп жатат;
  • айдоочу штатынын жетишсиздиги;
  • жеке компаниялардын кызыкчылыктарын транспорттук кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө багыттоо.

Мэрия бишкектиктерге акыркы бир нече жылда транспорт кызматтары тийиштүү сапатта жана толук түрдө көрсөтүлбөй жатканын моюндады.

«Жагдайларды эске алуу менен Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтомду кабыл алды. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерине күйүүчү майдын, унаа тетиктердин баасынын өсүшү дагы олуттуу таасирин тийгизүүдө», — деп кошумчалашты мэриядан.

Мэрия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жүргүнчү ташуунун сапатын жакшыртуу иштери бардык кыйынчылыктарга карабай уланып жатканын айтууда. Аны менен катар, коомдук транспорттун бардык түрүн электрондук билетке өткөрүү боюнча аракеттер жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө ЕРӨБ менен газ менен күйүүчү 250гө жакын автобус сатып алуу жана АӨБ менен 150 электроавтобустарды сатып алуу боюнча келишимдер ишке ашыруу стадиясында турат. Ошондой эле экологиялык таза күйүүчү май менен шаарга узун автобустарды жеткирүү боюнча жеке инвесторлор менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти мэриядан.

Бишкек шаардык кеңеши 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырган. Ага ылайык, жаңы тарифтер 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган тарифтик сеткага ылайык, автобус менен троллейбустарда жол кире акысы 11 сом, ал эми маршруткада — 15 сом болмокчу.

Депутаттар тарифтерди жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимди 10 жылдан бери жол кире өзгөртүлбөгөнү менен түшүндүрүшкөн. Бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы жогорулаган.

Акыркы жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорттогу жол кире акысын 2012-жылы өзгөртүшкөн. Анда жол акы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.

Ошондон бери маршруттук таксинин айдоочулары тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан. Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болгон жана беш күнгө созулган. Анда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылып, иш ташташкан. Анда айдоочулар «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө айдоочулар реванш аларын» кошумчалаган.