Баткен: Дайынсыз жоголгон тургундун сөөгү ажатканадан табылды

Баткен районунун Бужум айылында 17-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы Жигитали Темирбаевдин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылды. Баткен райондук милициясы анын өлүмүнө эки айылдашын шектеп жатат.

Сүрө: Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы

Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Темирбаев дайынсыз жоголгону тууралуу милицияга анын бир тууган эжеси 19-октябрда кабарлаган. Баткен райондук милициясы издөө иштерин баштаган.

Темирбаевдин сөөгүн окуя болгон жерге келген куткаруучулар ажатканадан алып чыкканы айтылды.

Милиция кызматкерлери Темирбаев киши колдуу болгонун аныктап, кылмышка шектеп Бужум айылынын эки тургунун кармады — алар 31 жана 28 жаштагы бир туугандар. Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.