Депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу парламент 27-октябрда экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алганын айтты.
«Мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты кабыл алынып, кол коюу үчүн президентке жөнөтүлдү. Бул долбоордо өтө жакшы эмес учурлар бар. Ал өтө коркунучтуу жана кооптуу»,— деди Бекешев.
Депутаттын айтымында, парламент бир күндө эле ар башка окууда жалпы 23 мыйзамдын долбоорун кабыл алды.
Экономикада өзгөчө кырдаал
Парламент буга чейин экономикадагы ӨК мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алган. Биринчи жолу 2021-жылдын 19-июлунда кабыл алынган. Бирок 27-сентябрда президенттин администрациясы Садыр Жапаров каршы пикирин айтып, документти Жогорку Кеңешке кайтарып бергенин кабарлаган.
Ошол эле учурда, президент кандай каршы пикир айтканы белгисиз.
Экономикага ӨК режими, мыйзам долбооруна ылайык, тармактык мамлекеттик орган бул сунушту президентке киргизгенден кийин жети күндөн ашпаган убакта министрлер кабинетинин чечими менен киргизилет. Учурда мындай мамлекеттик орган деп Экономика жана каржы министрлиги эсептелет.
Экономикага өзгөчө кырдаал
Экономикадагы ӨК режиминде минкаб салык режимин, салыктар менен жыйымдардын өлчөмүн өзгөртө алат, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эрежелерин жана мамлектеттик мүлктү убактылуу колдонууга берүү эрежелерин бекитет жана башкалар.
Тема боюнча окуңуз: Экономикадагы ӨК режими. Бизнес-коомчулук президентке кайрылды
Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин бизнес-коомчулугу документти «чийки» жана «толуктоого муктаж» деп айтып чыгышты. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин пикири боюнча, документте «ишкерчилик субъектисине жана жалпы эле өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон» ченемдер камтылган.
Ал эми экономисттер мамлекет бул мыйзам долбоору менен бизнести жөнгө салууга аракет кылууда деп эсептешет.
Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) президент Садыр Жапаровго экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна вето* коюуну суранып кайрылышты.
*Учурда колдонуудагы жаңы Конституция боюнча президенттин вето коюуга укугу жок. Ал мыйзам долбооруна каршы пикирин гана билдирип Жогорку Кеңешке кайтарып бере алат.
Же болбосо аны макулдашуучу комиссияга бизнес-ассоциацияларды тартып, сөзсүз түрдө коомдук талкууга коюу менен толуктап иштеп чыгууга жиберүүнү сунуш кылышты.
Уюм бизнес-коомчулугу экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун «кооптуу, экономикага зыяндуу, бизнестин ишенбөөчүлүгүн жараткан, улуттук ынтымакты жана коомдук-саясий туруктуулукту ыдыраткан» аракет катары тааныган.
Мыйзам долбооруна карата президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши (АИК) дагы үн катты. АИК кээ бир киргизилген ченемдер президенттин бизнести онүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү тууралуу жарлыгына каршы келет деп белгиледи.