Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган Алкактык конвенциясына мүчө мамлекеттердин 26-конференциясында кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан парник газын бөлүп чыгарууну азайтууга аракет кылат деп убада берди жана өлкөдө мөңгүлөргө зыянын тийгизип жаткан бизнес тууралуу айтып берди.
«Клооп» Жапаровдун сөзүндөгү маанилүү учурларды топтоду.
Париж макулдашуусу жана зыяндуу заттардын абага тарашын кыскартуу
Ал Кыргызстан 2015-жылы кабыл алынган Париж макулдашуусунун максаттарына жана рухуна берилген мамлекет катары калганын билдирди. Бул документке Кыргызстан баштаган 200гө жакын мамлекет кол койгон.
Анын негизги максаты — климаттын глобалдык ысышын токтотуп, кийинки жүз жылда жердин орточо температурасын Цельсий боюнча эки градустан ашырбоого жетишүү.
Тема боюнча окуңуз: Кыргызстан Климат тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Бул эмне экенин түшүндүрөбүз
«Аны [Париж макулдашуусун] ишке ашыруудагы комплекстүү кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышуусун улантат», — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууга, ал эми 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кылаарына сөз берди. Жапаров Кыргызстандагы «климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашырууну» 7 миллиард АКШ долларына баалады.
Инвесторлорду чакырып ГЭСтерди курабыз
Жапаровдун айтымында, «көмүртексиз саясаттын локомотиви энергиянын кайра жаралуучу булактары болот. Биринчи кезекте бул — гидроэнергетика».
«Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөржай жана турак-жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан [биринчи кезекте көмүр жана мазуттан арылтып], аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто ГЭСтерди курууну баштадык. Бүгүнкү күнү 10 ашык ГЭС курулуп жатат. Айрымдары жакында гана ишке берилди. Жарым-жартылайы келерки жылдын аягына барып ишке кирет», — деди ал.
Жапаров экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.
Абийирсиз ишкерлик жана тоолор
Ошондой эле, өз сөзүндө Кыргызстандын президенти мөңгүлөрдүн «экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн» эрип жатканын айтып өттү.
«Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар. Мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам» , — деп баса белгиледи Жапаров.
Президент айыл чарба, энергетика жана башка тармактардагы ыңгайлашуу программалары тууралуу айтып берди.
«Биздин өлкөнүн аймагынын 94% тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз», — деп билдирди ал.
Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл экенин баса белгиледи. Ал Кыргызстанга окшогон муктаж, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр көп экенин кошумчалады.
Ошол себептүү Жапаров мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштады.
«Узун жана кооз сүйлөгөндөрдүн заманы өттү. Максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди», — деп белгиледи Жапаров.