Чек ара кызматы: Самаркандекте «унааларга таш ыргытылып жатат» деген маалымат такталган жок

Сүрөт: «CABAR.asia» басылмасы

Баткендин Лейлек районунун Самаркандек айылындагы унаа жолунан өтүп жаткан унааларга «белгисиз кишилер таш ыргытып жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 17-декабрда билдирди.

Атайын кызмат мындай билдирүүнү соцтармактарда Самаркандектеги Баткен — Лейлек жолунда унааларга таш ыргытылганы тууралуу аудиожазуу тарагандан кийин жасады.

«УКМК аудиожазууну текшерди: Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү менен жолукту, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган эл менен да иштер жүргүзүлдү — маалымат такталган Автожолдон өткөн кыргызстандыктардан да кайрылуу түшкөн эмес», — деп билдиришти мекемеден.

Жолугушууда конфликттик кырдаалдын алдын алуу үчүн Баткен — Лейлек жолунун Эки-Таш тилкесине эки өлкөнүн чек ара кызматкерлерин коюу макулдашылды. Чек ара кызматы 17-декабрга карата абал «туруктуу» экенин белгиледи.

Ошондой эле мекеме такталбаган маалыматты таратуу менен чек арадагы кырдаалды курчутпоого, маалыматты тиешелүү органдардан тактоого чакырды.

Көчө-Бою айылындагы чыр

16-декабрда Баткен районунун Көчө-Бою айылында кыргыз жарандары жана тажик аскерлеринин катышуусундагы инцидент катталган. Анда кыргызстандыктар Көчө-Бою айылында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Көп өтпөй ал жерге Тажикстандын аскерлери келип, курулушту токтотууну талап кылышкан.

Эки тарап кайым айтыша кетип, тажик аскерлеринин бири «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча менен төрт жолу асманга ок чыгарган.

Жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолуккан. Анда кыргызстандыктар курулуш иштерин чек арага жакын аймакта эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөнү аныкталган. Мындан улам тажик тарап курал «мыйзамсыз колдонулганын» моюндаган.

Ошондой эле, мекемеден Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскерлерге чара көрүлөт деп ишендиргенин белгилешти.