Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында асманга ок атылды, учурда абал «туруктуу»

Тасмадан алынган скрин

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арага чектеш аймагында ок атылды. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКга караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары Баткен районундагы Көчө-Бою айылында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Көп өтпөй ал жерге Тажикстандын аскерлери келип, курулушту токтотууну талап кылышкан.

Эки тарап кайым айтыша кетип, тажик аскерлеринин бири «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча менен төрт жолу асманга ок чыгарган.

Соцтармактарда жарыяланган видеодо тажик аскерлери жана белгисиз киши кыргыз айылында чыр салганын көрүүгө болот. Ал эми тасманын автору тажик аскерлерлери «кыргыздын көчөсүнө кирип, уруш чыгарып жатат» жана «биздин күч органдары кыргыздарды токтотуп жатат» деген комментарий берген.

Жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Анда кыргызстандыктар курулуш иштерин чек арага жакын аймакта эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөнү аныкталган. Мындан улам тажик тарап курал «мыйзамсыз колдонулганын» моюндаган.

Ошондой эле, мекемеден Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскерлерге чара көрүлөт деп ишендиргенин белгилешти.

Чек ара кызматы кыргыз- тажик чек арасында абал «туруктуу» экенин кошумчалады.

2-декабрда Баткен районунун Дахма тилкесине жакын аймакта Тажикстан тараптан белгисиз кишилер 7-8 жолу ок чыгарышкан. Ок болжолдуу мерген куралынан атылган.

Жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара застава башчылары ыкчам түрдө жерине барышып, ок чыгарган кишилерди издөө тууралуу макулдашышкан. Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу максатында чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара кызматы: Баткендин Дахма тилкесине жакын жерде ок атылды, учурда абал туруктуу