«МедиаХабдын» жаңы чыккан иликтөөсүнөн Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге кыргыз паспортун мыйзамсыз берген аткаминер Амирбек Абдыкалыков Сузактын Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты болгону ачыкталды.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын көмүскө карго бизнеси паракорлуктун жана коррупциянын чордонуна айланганын уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити ашкерелеп берген.
Иликтөөлөрдүн алгачкы сериялары жарыялангандан көп өтпөй 2019-жылдын 10-ноябрында Саймаитини Стамбул шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен.
Дагы окуңуз: Иликтөө. Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн?
Саймаити кыргыз паспортун мыйзамсыз алганы ал киши колдуу болгондон кийин белгилүү болгон. 2020-жылдын март айында Саймаитиге паспортту мыйзамсыз берген Сузак райондук паспорт бөлүмүнүн кызматкери Амирбек Абдыкалыковго карата кылмыш иши козголгон.
Прокуратура ага «Мыйзамсыз паспорт берүү», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери менен айып таккан.
Бирок Сузак райондук, кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту Абдыкалыковду «жазага тартуу мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу» ишти кыскарткан. Ал эми Жогорку сот 2020-жылдын апрель айында бул чечимдерди күчүндө калтырган.
Журналисттер 2021-жылдын апрель айында Абдыкалыков жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты болгонун аныкташты. Андан соң аткаминер айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигин көрсөткөн. Бирок жетиштүү добуш ала алган эмес.
Мындан сырткары, «МедиаХаб» Абдыкалыков Саймаитинен сырткары башка да чет өлкөлүктөргө кыргыз паспортторун мыйзамсыз бергенин ачыкташты.
Мисалы, Тажикстандын башкы прокурорун өлтүргөн кылмыштуу топко тиешеси бар делген Согди облусунун экс-депутаты Низомхон Жураев 2014-жылы Сузакта кыргыз паспортун алган. Ал өз мекенинде издөөдө жүргөнүнө карабастан 2017-жылы паспортун жаңылоого да үлгүрүп, Кыргызстандан чыгып кеткен. Жураев 2018-жылы колго түшкөндө анын жанында кыргыз паспорту табылган.
Жураев колго түшкөндөн кийин ИИМдин кызматкерлери Абдыкалыковду кармап, ага айып тагылган. Бирок ошол эле жылы Абдыкалыковго карата козголгон иш «жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу» кыскарган.
«Амирбек Абдыкалыков Сузактын паспорт столунда 2012-2018-жылдары иштеген. Жураев дагы, Саймаити дагы паспортторду 2014-жылы алышкан. Ал эми кылмыш боюнча факты 2018-2019-жылдары аныкталган. Ошондо дагы Жураев Украинада кармалган, Саймаити Стамбулда өлтүрүлгөндөн кийин иш козголгон. Башкача айтканда кокустан билинип калган. Ал эми Абдыкалыков алты жыл ичинде башка адамдарга паспортту мыйзамсыз бериши мүмкүнбү? Бул жагын укук коргоо органдары так иликтеген эмес», — деди журналист Арген Бакытбек уулу.
Ал эми журналисттер Абдукалыков менен байланышканда эки факты боюнча күнөөнү «жарым-жартылай моюндаганын» айтып, бул «шалаакылыктан улам» болгонун билдирген.
Паспортторду мыйзамсыз бергендер дээрлик жазаланбайт
Андан сырткары «МедиаХабдын» журналисттери соттук актыларды изилдеп чыгып, мыйзамсыз паспорт берүүгө айыпталган мамлекеттик кызматкерлер дээрлик жоопкерчиликке тартылбайт деген тыянакка келишти.
Журналисттер sot.kg парталынан паспортторго байланыштуу 35 сот өкүмүн табышкан — анын ичинен 18 иш боюнча кылмыш тастыкталган.
«18 кылмыштын ичинен бирөө гана 2 жыл 8 айга кесилип, 150 миң сом айып төлөгөн. Башкалардында жалаң “кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткен” деген чечимдер турат. Мындайча айтканда баары жазага тартылган эмес», — деди Арген Бакытбек уулу.
Журналист мисал катары Таластагы паспорт столдун бөлүм башчысы Жеңишбай Мамытовду келтирди. Ал 2011-жылы жарандардын ордуна кол коюп жүргөнү аныкталып, бирок «кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу» жоопко тартылган эмес. Мамытов дагы Таластагы Нуржанов айылдык кеңешинин депутаттыгына аттанып, бирок өтпөй калган.
Айрым өкүмдөрдө болсо кыргыз паспорттордун «баалары» да көрсөтүлгөн. Журналисттер чет өлкөлүктөр документти 3 500-7 500 АКШ долларга жасатып алышса, Кыргызстандын жарандары үч паспортту болгону 3 миң сомго сатып алганын кабарлашты.
Ошондой эле өкүмдөрдүн биринде Тажикстандын мурдагы УКМК кызматкери кыргыз паспортун алып, 2019-жылы ага айып тагылганы айтылган. Кыргызстандын соту коңшу өлкөнүн атайын кызматынын ардагерин 8 жылга кескен. Бирок ал кайсы кылмышка күнөөлүү деп табылганы өкүмдө так ачыкталган эмес.
Ал эми The Henley Passport Index сайтынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын паспортунун статусу «төмөн бойдон калууда»: 116 өлкөнүн ичинен кыргыз паспорту 86чы орунда жайгашкан.