Иллюстрация: Светлана Тюрина

Айеркен Саймаити журналисттерге жашыруун аткезчилик империясы жана аны ишке ашырууга жол ачкан таасирдүү кыргыз аткаминери тууралуу айтып берген. Азыр эми колубузга тийген документтер анын кантип жок кылынганы тууралуу кабар берет.

Былтыр ушул аптада өзүн «акча адалдоонун адисимин» деп тааныштырган Айеркен Саймаитини Стамбулдагы кафеде атып кетишкен.

Түркиянын полициясы бул кылмышка диний экстремизм себеп болгонун билдирген. Шектүү төрт кишинин экөө исламчыл согушкерлер деп сыпатталып, азыркыга дейре тергөө абагында. Полициянын билдиргенине караганда, алар Саймаитини «момун мусулман болбогону үчүн өлтүрүшкөн».

Бирок бул окуянын артында далай сыр катылганы тууралуу ошондо эле күмөн ойлор пайда болгон.

Атып өлтүрүлгөнгө чейин 37 жаштагы, Кытайда туулган уйгур жигит көмүскө аткезчилик аркылуу Кыргызстандан жүз миллиондогон долларды чыгарып кетүүдө өзү аткарган иштер тууралуу кеңири маалыматтарды, материалдарды берген.

Айеркен Саймаити. (Булак: Айеркен Саймаити)

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матримов менен көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын көмүскө карго бизнеси паракорлуктун жана коррупциянын чордонуна айланганын Саймаити ашкерелеп берген.

Бул иликтөөлөр жарыялангандан кийин Кыргызстанда жемкорлукка каршы нааразылык акциялары өтүп, октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоого да түрткү болду.

Катуу кооптонуп калганын жашырбаган Саймаити киши колдуу болордун алдында Матраимовдун сырларын «башкалар менен бөлүшсөң, биз сени өлтүрүп кетебиз» деп эскертишкенин журналисттерге айтып берген.

Эми журналисттердин колуна тийген тергөөнүн кагаздары, анын ичинде Саймаитинин жесиринин көрсөтмөсү, Саймаитинин өлтүрүлүшү үчүн шектүүлөрдүн суракта берген көрсөтмөлөрүнүн стенограммасы бул кылмыштын чоо-жайын тереңирээк ачып берип, ага исламчыл экстремизм себеп болгон деген кабардан олуттуу күмөн жаратат.

Саймаитиге тапанчадан ок аткан шектүүнүн айтуусу боюнча, аны киши өлтүрүүгө өз ара макулдашуунун негизинде бир согушкер жалдаган. Ал согушкер кылмыштуу ишке диний көз караш себеп болгонун айтып түшүндүргөн. Андан тышкары тергөөнүн материалдары көргөзгөндөй, Саймаити атып өлтүрүлгөндүн эртеси анын аялы Вуфули Бумаилиаму күйөөсүнүн көзүн тазалоону ал көмүскө иштерин журналисттерге ашкерелеп берген Матраимов менен Абдукадыр «уюштуруп жетектеген» деп көрсөтмө берген.

«Ал "мен непадам бир нерсе болуп кетсем, ушул кишилер өлтүрткөнүн полицияга айтып беришиң керек" деп айткан», — деген Бумаилиаму.

Райымбек Матраимов. (Булак: OCCRP)

Түрк полициясы бул көрсөтмөгө канчалык маани бергени жана мындан ары көңүл бурары азырынча белгисиз. Документтер полиция Саймаитини атып өлтүргөн жигиттен Абдукадыр тууралуу сураганын, ал мындай кишини тааныбай турганын айтканын айгинелейт.

Кабарчылар байланышканда, Саймаитинин жесири Бумаилиуаму полицияга берген көрсөтмөсүнүн мазмунун танган жок, бирок Матраимов менен Абдукадыр тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Комментарий сураган өтүнүч катыбызды Абдукадыр жана түрк полициясы жоопсуз калтырышты.

Журналисттерге жөнөткөн электрондук катында* Райымбек Матраимов Саймаитинин өлүмүнө «эч кандай тиешеси жок» экенин билдирип, түрк полициясы бул кылмышты жасагандарды жоопко тартканын кошумчалайт.

*Матраимовдун жообу журналисттерге анын бир тууганынын жардамчысына таандык почтадан келди: kaimova.adelaida@mail.ru

Азырынча андай сот болгону тууралуу маалымат жок. Матраимов ошондой эле Саймаити өлтүрүлгөн күндөрү Стамбулда болгонун, түрк полициясы аны бир да жолу суракка албаганын белгилейт.

Ачыкка чыккан документтерди текшерүү

Түркиянын полициясынын документтери анонимдүү булактар аркылуу кабарчылардын колуна тийген. Ошол эле учурда айрымдары октябрь айынын башында фейсбуктагы Кыргызстанга тиешеси бар топтун барагына да жарыяланып кетти.

Түрк полициясы колдогу документтер тууралуу суроолорубузду жоопсуз калтырса да, кабарчылар көз каранды эмес булактары аркылуу андагы маалыматтардын көбүн текшерип жана тастыктай алышты.

Колубузга тийген документтердеги маалымат, анын ичинде эки булактын айткандары 2020-жылдын март айында бул иштин иликтениши тууралуу Стамбул полициясынын ачык жарыялаган отчётундагыларга дал келет.

Полициянын отчетунда Бумаилиаму өз көрсөтмөсүндө анын киши колдуу болгон күйөөсү менен эки адамдын ортосунда «көйгөйлүү маселелер» чыкканын, алардын бири Кыргызстанда жетекчи кызматта турганын айтып, Матраимовдун ысымын ачык атаган эмес.

Саймаитинин өлүмүн иликтеген Кыргызстандын парламенттик комиссиясы жарыялаган корутунду документ да биздин колго тийген материалдардагы маалыматты бышыктайт. Депутаттардын корутундусунда түрк полициясынан алынган төрт шектүү адамдын көрсөтмөлөрүнө шилтеме берилет. Алардагы бир катар маанилүү фактылар биздеги документтерде айтылгандарга шайкеш келет.

Депутаттардын корутундусунда Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Матраимовдун же Абдукадырдын аттары аталбайт, аны сындагандар парламенттик комиссияны «коррупциялык схемадагы Матраимовдун ролун жокко чыгарып тазалап берди» деп айыпташкан. Комиссия мүчөлөрү Саймаитинин жесиринин көрсөтмөсү менен таанышкан-таанышпаганы белгисиз.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары июнь айында парламенттик комиссияга маалымат берип жатып, Түркия Саймаитинин өлүмү боюнча тергөөнүн толук маалыматын берүүдөн карманып жатканын айткан.

«Адем» аттуу адам

2019-жылдын 12-ноябрында, Саймаити өлтүрүлгөндөн 48 саат өтпөй, Түркиянын түштүк тарабындагы Адана шаарынын полициясы бул иш боюнча шектүү катары Хусейин Ахметалиев жана Абдулла Энвер аттуу эки кыргыз жараны жана Сириянын бир жараны кармалганын жарыялаган.

Кыргыз бийлиги көп узабай Ахметалиев жана Энвер кыргыз жарандары деген маалыматты четке каккан.

Полиция билдиргендей, бул үч киши чек арадан Сирияга өтүүгө аракет кылган жеринен кармалган. Төртүнчү шектүү кийинчерээк үйүнөн Саймаитиге ок атылган ыктымал курал табылганда кармалган.

Окуянын изин улай «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Адана полициясынын расмий өкүлү Адан Кылыч кылмышка шектүү деп кармалган Ахметалиев менен Энвер Сириядагы исламчыл топторго тиешеси болгонун айткан. Саймаитини өлтүрүүгө болжолдуу себеп катары полициячы «маркумдун динбезерлигин» атаган.

«Сурак маалында алар Саймаитини «мусулман эмес» деп өлтүрүшкөнүн айтып беришти», — деген Кылыч.

Бирок биздин колго тийген көрсөтмөгө караганда, Саймаитини атып өлтүргөн жигит маркумду тааныган эмес жана жөн гана ортодогу келишимге ылайык ушундай кылмышка барган. Шектүүлөр билдиргендей, аларды Сирияда «Адем» аттуу согушкер кылмышка аттантып жатып ушундай диний себепти жүйө келтирген, ошол согушкер кылмыштуу иштин уюштуруучусу болгон.

«Эмне үчүн бул адамды өлтүрүшүбүз керек?» деп сураганда, Адем: «Ал мусулман эмес, динбезер, аны өлтүрүш керек» деп жооп бергенин Саймаитиге ок аткан деп шек саналган Энвер түрк полициясына айтып берген.

Көрсөтмөгө ылайык, Адем бул жалданма киши өлтүрүү операциясын баштан аяк уюштуруп, акча маселесинен такси чакырууга чейинки иштерди жеке өзү көзөмөлдөп, Энверге Стамбулга барып экинчи жашыруун жалданма адам Ахметалиев менен жолугушу керек экенин айткан. Саймаитинин сүрөтүн, жашаган жерин, машинесинин номурун, жолго деп 1500 долларды дал ушул Адем бергенин Энвер полицияга айтып берген. Адем ар бирине бул ишти аткарыш үчүн ар бирине 50 миң доллардан берүүгө убада берген.

Журналисттер Адемдин чыныгы аты-жөнүн, тек-жайын тактай алышкан жок. Энвер аны өзбек улутундагы, 28 жаштардагы, чачы түбүнөн кырылган кара тору жигит деп сүрөттөйт. Анын айтымында, Адем акчалуу, Сирияда аялы жана кеминде бир баласы менен жашайт.

Энвер түрк полициясына Адемге оболу Сириядагы согушкерлердин машыгуу лагеринде жолукканын, ал лагерь «Катиба ал-Тавхид вал-Жихад» тобуна караштуу экенин айткан. Көпчүлүгү өзбек улутундагы жана борбор азиялык башка элдердин өкүлдөрүнөн куралган лагердеги бул кыймыл мурдараак «Аль-Каида» уюмунун Сириядагы канаты болуп эсептелген «Ан-Нусра Майданына» ыктап жүргөн.

Энвер Адемди террордук топтун уюштуруу иштерин колго алган жетекчи катары сүрөттөп, «тамак-аш, суусундуктан баштап курал-жаракка чейинки зарыл нерселерди сатып алуу жагын да тейлейт» деп кошумчалайт. Энвер өзү Сирияда ал уюмдун лагеринде беш жылдай өмүрүн өткөрүп, курал-жарак колдонуу жагынан машыкканын билдирген.

Ош менен байланыш

«Катиба ал-Тавхид вал-Жихад» тобунун лидери, Абу Салох деген ат менен белгилүү, 30 жаштагы кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров. Ал эки террордук чабуулга: 2016-жылы Кытайдын Бишкектеги элчилигиндеги жанкечтинин жардыруусун жана 2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербург метросундагы жардырууну уюштурган деп айыпталган.

Мухтаров Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. Кара-Суу району – Матраимовдордун кичи мекени жана таянычы. (Саймаитини өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири — Ахметалиев өз көрсөтмөсүндө Ошто төрөлгөнүн айткан).

Мухтаров Сириядагы согушкер уюмдун жетекчилигинен 2019-жылы кеткенин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин документи ырастайт.

Көзүн тазалоо

Энвер Стамбулга Саймаитини өлтүрөрдөн үч апта мурун келгенин, ага чейин эле анын ыктымал шериги Ахметалиев алар бутага алчу киши тууралуу маалыматты топтоп койгонун айтат.

Экөө Саймаитинин баскан-турганын эки аптадай акмалап аңдып жүрүшкөн.

Энвердин көрсөтмөсүнө караганда, өнөгү экөөнүн алгачкы аракети акыркы саамда коркуп кеткен үчүн ишке ашпай калат. Андан соң «Адемге чалып, эмне болгонун айттык» дейт.

«Адем: "Атып салгыла. Эгер ата албасаңар, акчаны кайтаргыла, силерге буга чейин коротулган акчаны кошуп", — деп жооп берди. Биз ага: "Макул, аны өлтүрөбүз", — деп жооп бердик».

2019-жылы 10-ноябрдын кечинде алар Саймаитинин артынан «Кунлун» мейманканасына аңдып барышкан. Ал эки досу, анын бири ошол мейманкананын ээси менен мейманкананын сыртындагы кафеде эшикте отурушкан.

Саймаитиге ок атуу милдети Энвердин мойнунда эле, Ахметалиев жакын жерде машинеде күтүп отурган. Энвер полицияга айтып бергендей, бул ирет да анын абийири тынчытпай шаштысын кетирет, бирок ал тапанчанын машаасын басып, ишти аягына чыгарууну чечти.

Көчөдөгү коосуздук камерасындагы видеодо кечки саат сегизден бир аз өткөндө ал эшиктеги кафенин тепкичинен түшүп келип, Саймаитини көздөй бурулуп, куралын алып чыгып, бир нече ок атканы көрүнөт. Андан кийин дароо артка бурулуп кайра тепкич менен өйдө чуркап чыгып, кара машинеге отуруп көздөн кайым болот.

Стамбулдагы кафеде Саймаити атылган учур. (Булак: Bishkek24 Videoдон алынган скриншот)

«Аны канча жолу атканым эсимде жок», — деген Энвер полицияга сурак берип жатып.

Саймаити эмнени билген?

Эгер Энвердин хронологиясы так болсо, Саймаитинин журналисттер менен акыркы жолку, 2019-жылы октябрдын этегиндеги жолугушуусу киши өлтүргүчтөр анын артынан ээрчип жүргөн маалга туш келген.

Стамбулдун атактуу «Чыраган Сарай» мейманканасындагы жолугушууда ал журналисттерге бир топтон бери айтып жүргөнүн бышыктаган документтердин дагы бир топтомун берген. Алар Саймаити өзүнүн иш берүүчүсү Абдукадырдын кызыкчылыгында далай акчанын мыйзамсыз булагын жашыруу үчүн — анын арасында Матраимовго төлөнгөн параларды да — жасалма документтерди колдонуп дүйнөнүн чар тарабына жөнөтүп турганын көргөзөт.

Матраимов жана Саймаити

Журналисттерге жөнөткөн электрондук катында Райымбек Матраимов Айеркен Саймаити менен качандыр жана кандайдыр финансылык же башка байланышта болгонун толугу менен четке кагат:

«Мен силердин иликтөөдө аттары аталган кишилерге эч кандай тиешем жок экенин кайталагандан чарчадым».

Иликтөөнүн мурунку чыгарылыштарында Саймаити журналисттерге берген финансылык маалымдама жана электрондук акча которуу документтери Матраимовдордун үй бүлөлүк кайрымдуулук фондуна жана кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алууга жүз миңдеген долларлык каражат сарпталганын көргөзгөн.

Бирок Саймаити журналисттер менен кийинки жолугушууга келе албай калган. Ал бул жолу Матраимовдун байланышын бышыктай ала турган кошумча документтерди берүүгө убада берген. Адегенде ал эмнеге келбей калганын түшүндүргөн эмес. Кийинчерээк өз өмүрү үчүн катуу чочулап турганын, аны коркутуп-үркүтүү күчөп кеткенин айткан. Ал ошентип каргашалуу күнгө чейин журналисттер менен жолуга алган жок, бирок байланышын үзбөй маалымат-материалдары менен бөлүшүп турду.

Саймаитинин жесири Бумаилиаму түрк полициясына берген көрсөтмөсүндө акыркы жылда анын күйөөсүнө кысым көбөйүп, ал такай басым алдында жүргөнүн айткан.

Саймаитинин жесири Матраимов менен Абдукадыр акчага байланыштуу чырдан улам «күйөөмдү өлтүрөбүз деп такай коркутуп жүрүшкөн» деп айткан.

Хабибула Абдукадыр (оңдо) Кытайда туулган уйгур ишкер. Казакстандын паспортун алып жүрөт, Борбор Азияда жогорку деңгээлдеги саясий байланыштары жана Евробиримдик аймагында, Бириккен Араб Эмираттарында баалуу мүлктөрү бар. (Булак: OCCRP)

2019-жылы Саймаити «Азаттык» радиосунун журналистине финансылык документтердин биринчи топтомун берген. «Азаттык» алгачкы иликтөөсүн ошол жылдын май айында жарыялаган.

«Ошол интервьюдан кийин коркутуу күчөдү», — деген Бумаилиаму.

Аял Матраимов менен Абдукадыр анын күйөөсүнүн досунун өлүмүнүн «артында турарын» да айткан. Саймаити өлтүрүлөрдөн үч апта мурун Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунда токтотулган машиненин багажнигинен колу-буту байланган эркектин сөөгү табылган.

«Абдан жакын достор»

Матраимов менен Абдукадырды атаганда, Саймаитинин жесири алардын расмий ысымдарын колдонбойт.

Матраимовду ал Райымбекти түркчөсүнөн кыскартып «Рахим» деп атап, «ал кезде Кыргызстандын бажы министри болчу» деп жаңылыш сыпаттайт. (Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган).

Компьютерге басылган көрсөтмөлөрүндө Бумаилиаму Абдукадырды «Эбибулла Абдулкадар Пехливан» деп атап, Абдукадырдын болжолдоп жаңылыш басылган ысымын колдонот, ага түркчө «Палван» деген атты кошуп, алардын көп учурда айтылып жүргөн үй-бүлөлүк фамилиясын колдонот. (Абдукадырдын жакын туугандары Хадер, Палван, Абибулла өңдүү бир нече фамилияны колдонуп жүргөнү белгилүү).

Бул эки адамды кандай атаса да, Бумаилиаму ыраматылык күйөөсү алар менен жүргүзгөн бизнестин табияты тууралуу абдан жакшы кабардар өңдөнөт.

Бумаилиаму өз көрсөтмөлөрүндө Матраимов менен Абдукадырды «Кыргызстандагы жүк ташуучу компаниялардын ээлери» жана «абдан жакын достор жана бизнес өнөктөштөр» деп сүрөттөгөн.

Ал полицияга: «Күйөөм ошол кишилердин акчасын Дубайга, Германияга, Британияга жана Америкага которуп турган», — деп айтып берген.

Бумаилиаму журналисттердин колуна тийген көрсөтмөсүндө күйөөсүнүн досунун аты-жөнүн айтпаганы менен, стенограммадан ал Хусан Керимов экенин билсе болот. 39 жаштагы такси айдоочусу Саймаитинин акча ташыган курьери болуп иштеген.

Саймаити журналисттерге айтып бергендей, Керимов чоң суммадагы накталай акчаны Кыргызстандан Түркияга учак менен колго көтөрүп ташыган. Саймаити Керимов жоголгон түнү Стамбулга 1,6 миллион долларды накталай түрдө көтөрүп келмек болгонун айткан, тилекке каршы, ал ишке ашкан эмес.

Кыргызстандын бийлиги Керимовдун өлүмүнө байланыштуу төрт кишиге айып койгон. Алардын ичинен Оштон чыккан экөө ушул күнгө чейин эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын июнь айындагы корутундусунда айтылат.

Саймаитинин аялы түрк полициясына: «Менин күйөөмдүн досу Түркияга акча алып келатканда өлтүрүлгөн, биздин акчаны аэропорттон уурдап кетишкен» деп айтып берген.

«Күйөөм «ушул иштин артында да тиги экөө турат» деп айткан», — деген Бумаилимау полицияга Матраимов менен Абдукадырды көрсөткөн.

Райымбек Матраимов электрондук катында Керимовдун өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, маркумдун атын жаңылыктардан окуп билгенин кошумчалайт.

Биргелешкен журналисттик иликтөөнүн мурдагы чыгарылыштарында кабарлангандай, Керимовго окшогон курьерлер Стамбулдагы Саймаитиге накталай акча ташып келгенде, кээ бир учурда алар чек арада декларация толтурганда «каражат Абдукадырга караштуу Palvan İnşaat Turizm Lojistik Sanayi Ticaret Limited деген компанияга таандык» деп жазышкан.

Саймаити кабарчыларга берген бул сүрөттө анын курьерлеринин бири АКШ долларларын таңгактап байлап, учакка көтөрүп кирүүгө даярдап койгон. (Булак: А. Саймаити)

Стамбул полициясы Саймаитинин өлүмү боюнча иликтөөсү боюнча отчётун жарыялагандан бир нече жума өтпөй дал ушул компания Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган баштаган коронавирус кризиси маалында жарандарга жардам берүү өнөктүгүнүн алкагында 170 000 долларлык кайрымдуулук жардам көргөзгөн. Компания түрк лидери жарыялаган өнөктүктүн эң башкы демөөрчүлөрүнүн бири болуп калды.

Түркиянын кайрымдуулук иштерин тескеген Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги Абдукадырдын компаниясы көргөзгөн жардамга байланыштуу ал уюмдун ишмердиги тууралуу кандайдыр текшерүү болгон-болбогону тууралуу сурообузга комментарий берген жок.