Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы штаммы аныкталганын билдирди — омикрон.
Анын айтымында, омикронду жуктуруу Бишкек жана Чүй облусунда катталган. Анализдин жыйынтыктары 12-январда келген.
«Биринчи учурлар аныкталды. Азырынча канча экени белгисиз. Бишкектин лабораторияларында анализдерди жүргүзөбүз. Саламаттык сактоо системасы даяр», — деп билдирди Бейшеналиев Sputnik.kg басылмасына.
Буга чейин министр «омикрон» штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа болот, себеби оору жеңил өтөт деп билдирген.