Алматынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов 16-январдагы брифингде калаадагы башаламандыкта 149 киши каза болгонун билдирди.
«[Каза болгондордун] басмыдуу бөлүгү — бандиттер жана террористтер, ошондой эле, алардын колунан ажал тапкан жай тургундар бар», — деп билдирди Таймерденов «Хабар 24» мамлекеттик телеканалына. Полициянын башчысы укук коргоо органдары 11 кызматкеринен ажыраганын дагы кошумчалады.
Таймерденовдун айтымында, «террористтердин тобу» курал-жарак сатуучу дүкөндөрдөн 1347 куралды уурдап кетишкен. Анын айтымында, 6-январга караган түнү «террористтер» шаардык полиция департаментинин имаратын басып алууга 27 жолу аракет кылышкан — ошондо гана полиция курал-жарактарды урдоого жол бербөө максатында ок ата баштаган.
«Бул атайын техникаларды колдонуу менен кылынган чыныгы штурм болгон. Сүзүп кирүү үчүн жолтандабас жана камаздар колдонулган. Кол салуулар курал-жарактарды жана согуш ыкмаларын жакшы билген, профессиналдык жактан даярдалган адамдар тарабынан болгон», — деди полиция башчысы «террористтердин» арасында снайперлер бар болгонун кошумчалап.
Таймерденов кошумчалагандай, «белгисиз адамдар» моргдон 41 адамдын сөөгүн уурдап кеткен, бирок арасында жок дегенде бир «террористтин» сөөгү калып-калбаганын тактаган жок.
Алматынын башкы укук коргоо орган кызматкери «согушкерлер полициянын формасын кийип», шаардын борбордук көчөлөрүндөгү 400дөн ашык видеокөзөмөл камераларын талкалап, номерлери жок унааларды айдап, кез келген патрулга жана коюлган блокпостторго карата от атышканын дагы белгиледи.
Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев да Алматыдагы башаламандыкка байланыштуу 405 кылмыш иши козголгонун, учурда 249 киши камакта экенин билдирди.
Ага чейин Казакстандын Башкы прокурору өлкөдөгү нааразычылык акциясында жана башаламандыкта жалпы 225 адам каза болгонун кабарлаган. Бирок көзөмөл органынын өкүлү Серик Шалабаев «бул болжолдуу гана маалыматтар экенин жана жаңыртылып өзгөрүшү мүмкүн» деп белгилеген.
Казакстандын бийлиги бул адамдарддын өлүмүнүн жагдайларын ачыктаган эмес. Буга байланыштуу казакстандыктар январь окуясы учурунда каза болгондор тууралуу маалыматтарды ачыктап, алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү талабы менен петиция жарыялашкан. Петицияда учурда 1000ден ашык кол топтолду.
Казакстандагы нааразычылыктар
Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.
Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган. Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.
Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.
Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылды.
Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.
6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.
11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган.