Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 28-январга карата коронавирустан беш адам каза болду, жуктуруунун 356 жаңы учуру катталды.
- Бишкек шаарында — 216;
- Чүй облусунда — 88;
- Жалал-Абад облусунда — 14;
- Ысык-Көл облусунда — 14;
- Баткен облусунда — 12;
- Талас облусунда — 5;
- Ош облусу — 4;
- Ош шаарында — 3.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 197 437ге жетти. Өлкө боюнча 185 771 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 867 адам көз жумду.
Акыркы суткада илдеттен 604 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 104 бейтап ооруканада, ал эми 6 180 киши үй шартында дарыланууда.
Ошондой эле, 28-январга карата 10 377 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 6 737 адам биринчи, 825 киши экинчи дозасын, ал эми 2 815 адам бустердик доза алды.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.