УКМК Жапаров менен Ташиевдин атын жамынган алдамчыларды колго түшүрдү

УКМКнын басма сөз кызматы өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы деп тааныштырып жүргөн алдамчылар кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, алар Мамлекеттик бажы жана салык кызматынын жооптуу адамдарын коркутуп, мамлекеттик чек ара аркылуу жүк өткөргөн айрым компанияларды калкалашкан.

Коркутуу жана калкалоо фактысын документтештирүү үчүн УКМК кызматкерлери ыкчам аракеттерди көргөнү (анын ичинде жашыруун тартып алуу жана тыңшоо) кабарланды.

Комитеттин кызматкерлери алдамчыларды 4-февралда УКМК кызматкерине 1600 доллар өлчөмүндө пара сунуштап жатканда кармашкан.

Алар канча адам болгону айтылган жок, бирок УКМКнын тергөө камак жайына А.Т.М. аттуу бир шектүү киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ошону менен бирге УКМК жарандарды кыраакы болууга, өзүн ар кандай кызмат адамы катары көрсөтүп, тигил же бул маселени чечүү үчүн акча талап кылган шылуундардын аракеттерине алданбоого чакырды. Абийирсиз адамдардын алдамчылык аракеттерине туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаровдун аты менен макамына жамынып иш кылгандар жоопко тартылат — Галина Байтерек