Жапаровдун аты менен макамына жамынып иш кылгандар жоопко тартылат — Галина Байтерек

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бир катар адамдардын Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барып жатабыз делген билдирүүлөрүн төгүнгө чыгарды.

«Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу, Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле „өз“ жана „жат“ деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок», — деп билдирди Байтерек.

Мамлекет башчысынын аты менен макамына жамынган айрым жарандар «мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери үчүн» өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек деп белгилейт басма сөз катчы. Байтеректин айтымында, бул сыяктуу аракеттер «жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагым».

«Мен бардык кыргызстандыктарды Президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү», — деп белгиледи Байтерек.

Мындан тышкары, басма сөз катчы Жапаров «ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, ал жоопкерчиликке тартылат» деп айтканын да эске салып, «кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт» деп убадалаганын кошумчалады.

Байтеректин айтымында, мурда «мыйзам бузгандардын көбү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышчу», буга кыргызстандыктар көнүк калышкан. Бул эле эмес мамлекеттик кызматкерлер менен алардын туугандарынын мыйзам бузууларына да көнүп бүтүшкөн. Бирок кыргызстандыктар бүгүнкү күндө «мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн биригиши керек».

«Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек. Дагы бир жолу кайталайм, жүрүп жаткан жана пландаштырылган реформалардын бардыгы дал ушуга багытталган, эми бул аракеттердин баары ишке ашуусу үчүн жарандардын колдоосу өзгөчө маанилүү», — деп жыйынтыктады Байтерек.