«5,9 миң доллар». Жапаровдун базарга кийип барган курткасынын баасы талкууга алынды

Президент Садыр Жапаров Бээжин шаарындагы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышып келери менен 8-февралда борбор калаадагы базарларды кыдырды. Анда ал соодагерлерге көзөмөл-кассалык машинанын пайдалуу жактарын түшүндүрүп берди.

Соцтармактын колдонуучулары президент Бээжинге да, базарга да бирдей куртканы кийип барганын байкашты. Ал эми куртка Stefano Ricci италиялык эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан — бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

Президенттин басма сөз кызматынан «Клоопко» Жапаровдун курткасы тууралуу комментарий беришкен жок.

Президенттин талкууга алынган кийимдери

Садыр Жапаровдун кийимдери биринчи жолу эле талкууга алынып жаткан жок.

2020-жылдын октябрында соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Анда Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турган.

Социалдык тармактагы сүрөт.

Ошол эле жылдын ноябрь айында «Регион ТВнын» журналисти Жапаровдон кийимдеринин баасы тууралуу сураган. Анда Жапаров костюмдарды жубайы Айгүл сатып аларын, айрым достору жана туугандары өлкө башчыга кийим-кече белеке берип турарын айтып жооп берген.

«Камчы досум [Камчыбек Ташиев — ред.] бир куртка алып келип берди, баасын сураган жокмун. Балким аны эртең кийип чыксам дагы сындашы мүмкүн. Анан «Мекенчилдер» [партиялаштары — ред.] чогулуп, “башыңызды куттуктаганыбыз болсун” деп Питерден, Казандан кийим алып берип жиберишиптир. Дагы ар түдүү достордон, туугандардан келген. Алардын баасын сурай албайсың да. Мен кийимдин арзан-кымбатына карабайм, жарашыктуу болсо эле кие берем. Базарга, дүкөнгө кийим алганы барбайм, келинчегим алып келгендерди кийем», — деген Жапаров.

Жапаровдун кийимдери дагы бир жолу 2021-жылдын жайында талкууга алынган. Анда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров ошол эле италиялык Stefano Ricci брендинин спорттук кийимин кийип жүргөнүн байкашкан.

Жапаров бул костюм менен Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан.

Сүрөт: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали

Анда соцтармак колдонуучулары бренддин расмий сайтында Жапаровдун кийими 10 450доллар: спорттук шымы — 5 600 доллар, ал эми бомбери — 4 850 доллар тураарын айтышкан.

Stefano Ricci сайтынан скриншот.

Андан тышкары, 1-январда президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барышкан. ЖМКлар менен соцтүйүндөрдүн колдонуучулары анда да президент менен биринчи айымдын лыжа үчүн кийген формаларына көңүл бурушкан.

Жапаров жубайы менен тоо-лыжа базасында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөн. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айым баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртканы кийип жүргөн.

Жапаровдун кымбат баалуу кийимдери — интернет колдонуучулар байкаган жалгыз нерсе эмес. Дээрлик бардык иш-чараларга президент дүйнөгө таанымал Apple брендинин iPad планшетин алып жүрөт.

Apple’дын сайтындагы маалыматтарга таянсак, мындай планшеттин баасы түзүлүшү жана чыгарылган жылына жараша 799 доллардан 1000 долларга чейин жетет. Планшет менен бирге Жапаров баасы 299 долларлык Apple’дын атайын баскычтарын (клавиатура) колдонот.