Жапаров кымбат кийимдери тууралуу: Башымды куттуктап чет жактан жиберишкен

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров «Регион ТВ» телеканалына 3-ноябрда маек курду. Анда ал акыркы убакта коомчулукта талкууга алынган кымбат баалуу кийимдери тууралуу жооп берди.

Жапаровдун айтымында, кийип жүргөн кийимдери жакындарынан белекке келген. Ошондой эле, ал белекке келген кийимдердин баасын азыры убакытка чейин билбегенин айтты.

«Камчы досум [Камчыбек Ташиев — ред.] бир куртка алып келип берди, баасын сураган жокмун. Балким аны эртең кийип чыксам дагы сындашы мүмкүн. Анан «Мекенчилдер» [партиялаштары — ред.] чогулуп, “башыңызды куттуктаганыбыз болсун” деп Питерден, Казандан кийим алып берип жиберишиптир. Дагы ар түдүү достордон, туугандардан келген. Алардын баасын сурай албайсың да. Мен кийимдин арзан-кымбатына карабайм, жарашыктуу болсо эле кие берем. Базарга, дүкөнгө кийим алганы барбайм, келинчегим алып келгендерди кием», — деген Жапаров.

Буга чейин социалдык тармактарда Жапаровдун кийген кийимдери кызуу талкууга алынып, алтургай интернет колдонуучулар анын бааларын да жазышкан. «Китон» фирмасынын кемсели 246 250 сом турарын жазышса, курткасы 5 400 АКШ долларды чапчый тургандыгын жарыялашкан.

Ошондой эле, соцтармак колдонуучулар «5000 сом алган врач 7.5 жыл иштеш керек экен, 4000 сом алган пенсионердин 12 жылдык пенсиясы экен да...», «Түрмөдөн чыктың деп башын куттуктаган, президент болдун деп оордун куттуктап, чапан жапкан алдар-көсөлөр да көп болуп атат» деген пикирлерин калтырышкан.

Садыр Жапаров 2017-жылы Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жазык кодексине байланыштуу кайра карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.

Анткен менен Жапаровду парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү №27 колониясынан чыгарышкан. Ошол эле күнү Жогорку сот жактоочу Шарабедин Токтосунов экс-депутат Жапаровдун ишин «кайрадан ачылган жагдайлар» боюнча жазык ишти жаңыртып берүү боюнча жана мурдагы соттун чечимдерин жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырган.

Садыр Жапаров үч күндүк иш сапары менен түштүк жергесине келгендиги белгилүү. Буга чейин ал 2-ноябрда Баткен облусун кыдырып, инфраструктуралык объектилердин курулушун көрүп, облус эли менен жолуккан. Ал эми 3-ноябрда ал Ош шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушкан. Андан соң Жалал-Абад облусуна барган.