Орусиянын Украинага кол салуусу. Акыркы суткага карата башкы маалыматтар

Украинанын Сумск облусундагы артиллериялык соккуларга кабылган аскердик бөлүктөгү урандыларды тазалоо. Сүрөт: Сумск облусунун Губернатору Дмитрий Живицкий

Украина менен Орусиянын делегацияларынын биринчи сүйлөшүүсү 28-февралда украин-беларус чек арасында өттү. Тараптар 25-февралдан бери сүйлөшүү өтө турган жер боюнча бир пикирге келе албай жаткан, бирок сүйлөшүүлөр болду. Делегациялар өз шаарларындагы консультациялардан кийин жакынкы күндөрдө кезектеги жолугушууга чогулушат — ал Украина менен Польшанын чек арасында өтөт.

Орус делегациясы украиналыктар менен «айрым позициялар боюнча тил табышууга жакындашканын» айтышты. Ал эми украиналык тарап сүйлөшүүлөрдө «артыкчылыктуу темалар аныкталып, алар боюнча айрым чечимдер такталганын» билдирди.

Сүйлөшүүлөр орус аскерлерин Киевге тартуу жана Украинанын шаарларын аткылоонун шартында өттү. Айрыкча олуттуу соккуга Харьков дуушар болду, анын ичинде калктуу кварталдар да бар. Жергиликтүү бийлик 11 киши каза болгонун кабарлады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов аткылоого кеминде 87 үй кабылганын, көмөк чордондорго атылган октон шаарда электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын маалымдады.

Ал арада президент Владимир Путин француз президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Макрон андан согушту жана жай тургундарга ок атууну токтотууну суранган. Путин согушту токтуу үчүн буга чейин эле айтылган талаптар аткарылышы керектигине токтолду: Крымды Орусиянын жери деп тануу, Украинаны «демилитаризациялоо жана денацификациялоо», ошондой эле анын бейтарап макамын камсыздоо.

Владимир Зеленский Украинаны атайын процедура боюнча Европа биримдигинин мүчөлүгүнө кабыл алуу арызын берди. Зеленскийди Болгария, Чехия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Словакия жана Словения өлкөлөрүнүн башчылары колдоду. Алар Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларына кат жазып, Украинага ЕБге талапкер өлкөнүн макамын берүүнү суранышкан.

Ал эми Германия менен Нидерландиянын өкүлдөрү ЕБге кошулуу процесси узакка созуларын, аны бир нече айда бүтүрүп коюуга мүмкүн эместигин айтышты.

«Евробиримдик менен Украинанын алакасы азыркыдан да тыгыз болушу мүмкүн, бирок бүгүнкү күндө толук кандуу мүчөлүк жөнүндө сөз боло элек», — деп билдирген Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте.