Зеленский Украинанын Европа биримдигине кошулуу жөнүндөгү арызга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа биримдигинин мүчөлүгүнө кошулуу тууралуу арызына кол койду. Бул тууралуу Зеленский 28-февралда Телеграм каналында билдирди.

«Биз муну 30 жыл күттүк. Бүгүн мен Украинанын Европа биримдигине мүчө болуп кошулуусуна байланыштуу арызга кол койдум. Биз европалыктар менен бирге болуу укугубузду тандап алдык. Арыз Брюсселге жеткирилди. Расмий каттоого алынды», — деди Зеленский.

Владимир Зеленский ортодо. Сүрөт: Зеленскийдин расмий телеграмм-каналы

Украинанын биримдикке кошулуу ниетин Европа биримдигине мүчө 8 өлкөнүн башчысы колдоду: Болгария, Чехия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Словакия жана Словения. Алардын билдирүүлөрү президенттердин сайтына жайгаштырылды.

«Биз Украина Европа биримдигине кечиктирилгис түрдө кабыл алынууга татыктуу деп ишенебиз. Ошондуктан биз мамлекеттерди — ЕБдин мүчөлөрүн — Украинага карата саясий колдоосун жогорку деңгээлде уюштуруп, ЕБдин институттарына Украинага токтоосуз түрдө ЕБге талапкер өлкө макамын берүү боюнча кадамдарын көрүп, сүйлөшүү процесстерин баштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда Нидерландия менен Германиянын лидерлери Украинанын Евробиримдикке шашылыш кирүүсү мүмкүн эмес деп айтууда. Нидерландиянын өкмөт башчысы Марк Рютте Евробиримдик менен Украинанын алакасы азыркыдан да тыгыз болушу мүмкүн экенин, «бирок бүгүнкү күндө толук кандуу мүчөлүк жөнүндө сөз боло элек» деп билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок да Украина «европалык үйдүн бир бөлүгү экенин, бирок кайсы гана өлкө болбосун Евробиримдикке кирүү процесси узакка созулушу мүмкүн» деп белгиледи.

Украина Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын Орусиянын 24-февралда баштаган чабуулунан кийин берген. Орусиянын президенти Владимир Путин муну Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоо» боюнча «атайын операция» деп атаган.

Орусия Украинадагы аскердик инфраструктуралар гана бутага алынат деп ишендиргени менен турак үйлөр дагы бир нече жолу соккуда калган. Бириккен Улуттар Уюму Украинада эң аз дегенде 102 жай тургун каза болгонун, бирок алардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн деп кабарлаган.

Орусия Украинага кол салгандыктан батыш өлкөлөрүнүн (алардын гана эмес) буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык, технологиялык жана авиациялык санкцияларына кабылды.