Депутат Нурлан Шакиев Орусиядагы мигранттарды Кыргызстандагы курулуш тармагында иштөөгө чакырууну сунуштады. Мындай сунушту ал 10-марттагы парламенттин отурумунда айтты.
«Бишкекте бир топ курулуш компаниялары курулушка иштей турган өзүбүздүн жарандар жок, кошуна өлкөлөрдөн келген жарандарды жалдап иштетип жатат. Жумуш орундары жетишсиз болуп жатканы баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндөгү Орусиядагы оор кырдаалга байланыштуу, биздин тиешелүү мамлекеттик органдар тегерек стол уюштуруп, сунуштамаларды бериши керек. Ошол жакта эмне кылышын билбей жаткан жарандарыбызга кулак кагыш кылып, бул жердеги курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жумуш менен камсыздоо керек», — деди ал.
Орусиядагы абал
Moody’s эл аралык рейтинг агенттиги Орусия дефолтко бир кадам калганын айтты.
*Дефолт – (англ. default – «төлөбөй кою») — бул субъектинин насыялык карыздарды төлөөдөн баш тартуусу. Түшүнүктүн маңызы банкротко жакынырак.
Агенттиктен «Орусиянын суверендүүлүк көрсөткүчү Са деңгээлине түшүп кеткенин жана өлкө дефолт дегенди түшүндүргөн С деңгээлине бир гана кадам калганын» айтып беришти. Ал эми 4-мартта Moody’s Орусиянын деңгээлин дароо 6 баскычка төмөн түшүргөн — Ваа3 деңгээлинен В3 кө. Ошентип, Орусия менен Кыргызстан Moody’s’тин кредиттик рейтингинде теңелип калды.
«Украинага бастырып киргенине жооп катары салынган ири санкциялар Орусиянын суверендүү карыз милдеттемелерин өз маалында төлөө мүмкүнчүлүгүн бир топ алсыратты», — деп жазды Moody’s.
Moody’s Орусиянын экономикасы 2022-жылы 7%га кыскарарын, 2023-жылы да төмөндөө уланарын билдирди.
Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирген. Көпчүлүк батыш өлкөлөрү ушундан кийин Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды салышкан.
Мунун баары биринчи кезекте валюта рыногуна таасирин тийгизген. Кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин рублдун куну кескин түшүп, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылады.
Борбор Азия өлкөлөрү, Грузияга жана Арменияга орусиялыктар көп келип жатканы байкалууда. Орусиялыктардын көрпчүлүгү аскерге чакыруудан качууга ыңгайлуу өлкө катары Борбор Азияны, Казакстан менен Кыргызстанды, ошондой эле башка өлкөлөрдү эмиграциянын аралыктагы же акыркы чекити катары карашууда.