Орусия Украинага кол салды

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Бул тууралуу ал «Россия 24» каналанынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айтты.

Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирди.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташты. Украинанын ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктады.

АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн кайрылуусунда бул кол салуудан улам каза болгондор менен кыйроолор үчүн «бир гана Орусия жооптуу» деп билдирди.

«АКШ, биздин союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз бирдиктүү жана чечкиндүү түрдө жооп кайтарабыз. Дүйнө Орусияны жоопкерчиликке тартат», — деди Байден.

Путин кайрылуу жасаганга чейин, бир нече саат мурда жикчилдердин «Донецк жана Луганск эл республикаларынын» башчылары ага кайрылып, Украинанын «агрессиясынан коргонуу үчүн» жардам сурашкан. Анда достук жана өз ара көмөктөшүү тууралуу Орусия менен түзүгөн келишимдерди эске салышкан.

21-февралда Орусия өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынын» көз карандысыздыгын таанып, эртеси күнү орус парламентинин эки палатасы тең алар менен кызматташуу жана достук жөнүндө келишимдерди ратификациялаган. Федерациянын Кеңеши (парламенттин жогорку палатасы) ал жакка «тынчтык орнотуучу миссия» деген жүйөө менен орус аскерлерин киргизүүгө уруксат берген.