Акылбек Жапаров: Быйыл Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 20 млн доллар бөлүнөт

Министрлер кабинети 2022-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 20 млн доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 24-мартта кризиске каршы чаралар боюнча жыйында айтты.

Жапаров гидроэлектростанциянын курулушу «жакын арада» башталарын, бирок так качан экенин айткан жок. Ал ГЭС жакынкы 3-5 жыл аралыгында ишке кирерин да кошумчалады.

«Финансы министрлиги жакын арада курулуштун биринчи этабына 498 млн долларды мобилизация кылат. Курулушту даярдоо үчүн бул жылы бюджеттен 20 млн доллар каралган жана жакын арада объектте ишти баштайбыз», — деди ал.

Минкабдын башчысы Камбат-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса ал Камабар-Ата-2 ГЭСтин ишине мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

«Ошондо ишке кирген эки ГЭСтин толук жана белгиленген кубаттуулугу 1000 мегаватты түзөт. Эгер аны пайдалуу киловатт сааттарга айлантсак, бул болжолу менен 3,5-4 млрд Квт саат. Бул болжолу менен азыр Токтогул ГЭСи иштеп чыккан көлөмгө барабар», — деди Жапаров.

Мындан тышкары, Жапаров өлкө боюнча 30 чакан ГЭС, үч күн станциясы жана бир шамал станциясы курулуп баштаганын айтты.