«Түндүкэлектронун» жоопту кызмат адамдары электр энергияга болгон дебитордук карызды мыйзамсыз кечип, мамлекетке 39 млн сом зыян тийгизишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кылмышты жасоого шектелип «Түндүкэлектронун» башкы директорунун мурдагы орун басары, Панфилов району боюнча электр энергиясын сатуу кызматынын башчысы жана Бишкек шаары боюнча электр энергиясын сатуу кызматынын начальниги кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Башкы прокуратура «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
«Түндүкэлектро» ААКтагы коррупция
2022-жылдын мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара талап кылууга шектелип Чүй облусунун Панфилов райондук электр тармактарынын (РЭТ) жана «Түндүкэлектро» ААКнын кызматкерлеринин кармалган.
«Кызматкерлер Панфилов районунун тургундарын электр энергияны эсепке албастан пайдаланып жатканын жана электр тармактарын уурдадыбы жокпу текшеришкен. Жыйынтыгында бир жарандан мыйзам бузуу аныкталган жана аны жабуу үчүн 97 миң сом өндүрүшкөн», — деп билдиришкен комитеттен.